Ага ылайык, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-сентябрында жарандардын шайлоочулардын тизмесинен өзүлөрүн тактоо же шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыздарын берүү мөөнөтү аяктай тургандыгын билдирет.
"Буга байланыштуу жарандардын конституциялык укуктарынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын иш убактысы узартылды.
Маалым болгондой, өзүн тизмеден тактоо же шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыздар добуш берүүгө 15 календардык күн калганга чейин берилиши керек.