"Кыргызстан" партиясы №15: Таштанды көйгөйлөрүн чечүү – жарандардын экологиялык коопсуздугун камсыз кылат

Кыргызстан жыл сайын 520 миң тоннадан ашуун тиричилик таштандыларын "өндүрөт", алар көпчүлүк учурда ири шаарлардын айланасында жайгашкан таштанды төгүлүүчү жайларга жана полигондорго ташталат. 2018-жылга карата республикада 406 таштанды төгүлгөн жайлар болгон, алар үчүн мамлекет жалпы аянты 616,3 гектар аянтты бөлүп берген. Бул жерлерде ондогон жылдар бою 16 миллион 500 миң тонна таштанды топтолгон.

Көпчүлүк таштанды таштоочу жайлардын мөөнөтү эбак эле бүткөн. Бул жайларда техникалык, санитардык жана экологиялык коопсуздук нормалары сакталбайт. Өрттөлгөндө жана чиригенде таштандылар абаны уулуу заттар менен булгап, кара түтүн көптөгөн аймактарга жайылат. Химиялык жана башка кооптуу кошулмалар топуракка жана жакынкы суу объектилерине сиңет. Мындай аймактарда жашаган адамдардын көпчүлүгү алар ичкен суунун канчалык булганганынан күмөн санашпайт.

Таштанды талаалары - бул ар кандай ооруларды алып жүрүүчү жана калк үчүн эпидемиологиялык коркунуч туудурган чычкандардын, келемиштердин, курт-кумурскалардын жашоочу жайы. Бул аймактарда мамлекет тарабынан толук кандуу медициналык, биологиялык жана химиялык көзөмөл жок.

Таштанды баскан жерлердин дээрлик 96%, ал тургай уруксат берилген жана мыйзамдуу документтери бар жерлер таштандыларды чыгаруу үчүн талап кылынган жерлердин тиешелүү категориясына айландырылган эмес. Бул бөлүктө аймактык өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү көзөмөлү жок.

Ондогон жылдар бою таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу жана таштандылардан тараган газды утилизациялоо маселелери чечилбей келген. Ошол эле учурда чиновниктер жана депутаттар өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү максатында чет өлкөлөргө иш сапарларга көп чыгышкан, бирок эч кандай жыйынтык чыга элек.

Белгилей кетсек, Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы Бишкекке 22 миллион евро бөлүп, анын көпчүлүгү таштандыларды сорттоочу заводдун курулушуна жана санитардык полигондун рекультивациясына жумшалган. Бирок сөз борбор калаа жөнүндө гана жүрүп жатат.

Республиканын аймагында өндүрүш жана керектөө калдыктарынын бир адамга туура келиши көбөйүүдө. 2010-жылы бул көрсөткүч бир адамга 1118,2 килограммды түзсө, 2016-жылы бир адамга таштанды көлөмү дээрлик эки эсеге көбөйүп, 2015,8 килограммга жеткен.

Эгерде азыркы тенденциялар улана берсе, анда 2030-жылга чейин табияттын булганышы коркунучтуу чекке жетип, калк арасында жугуштуу оорулардын саны көбөйүшү мүмкүн.


“Кыргызстан” партиясы төмөнкүлөрдү сунуштайт:

- Таштанды төгүлгөн жайлардын категорияларын жөнгө салуу. Ошол эле учурда трансформацияланган жер категорияларынын мыйзамдуулугуна көңүл буруу керек;

- Таштанды ресурстарын чарбалык керектөөгө колдонуу үчүн өзүнчө чогултуу боюнча мыйзамдык базага өзгөртүүлөрдү киргизүү;

- Калдыктарды иргөөнүн заманбап экономикалык механизмдерин ченемдик укуктук базага киргизүү.

1) Өнүккөн аймактардын резиденттери үчүн жеңилдетилген салык салуу механизмдерин, киреше жана мүлк салыгы боюнча региондук жеңилдиктерди колдонуу;

2) Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тартылган насыялар боюнча мамлекеттик кепилдиктерди, насыялар боюнча пайыздык төлөмдөрдүн бир бөлүгүн компенсациялоо үчүн субсидияларды, жеңилдетилген насыяларды берүү, илимий-техникалык ишмердүүлүктү жана инновацияларды колдоо.

- Кайра иштетүүнүн акыркы продукциясын курулуш, ички жасалгалоо, санитария, ошондой эле айыл чарба тармактарында колдонуу максатында зыяндуу чыгындылары нөлгө барабар болгон таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу жаатындагы маселени иштеп чыгуу;

- Калктын өзүнчө чогултуу жана калдыктарды азайтуу жаатында маалымдуулугун, экологиялык билимин жана кызыгуусун жогорулатуу.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан