"Замандаш" алыскы Аксайда

«Замандаш» партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыка талапкерлер Искендер Гаипкулов, Канат Бакалов, Эсенали Парманов Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Аксай айылынын тургундары менен жолукту. Аталган айылда кошуна мамлекет Тажикстан менен чек аранын такталбаганынан улам ар кандай жаңжалдар арбын болуп келет. Тилекке каршы, Аксайда бул көйгөй азыркы күнгө чейин чечилген эмес.

«Замандаш» партиясынын жергиликтүү тургундар менен жолугуунун максаты элдин муңун угуп, парламентке өтсө куру убадаларды бербестен аткараарын билдиришти.

Жолугушууга келген тургундар тажик эли менен түшүнбөстүктөрдөн тажаганын, буга чейин убада берип кеткен партиялардын бири да айткан сөздөрүн ишке ашырбагандыгыг баса белгилешти.

Искендер Гаипкулов чек ара маселеси азыркы күнгө чейин кесипкөй адистердин жоктугунан улам чечилбей келгендигин билдирди.

«Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери чек ара маселесин чечүүдө кесипкөй адамдар жетектебей келет. Баткендин шартын билишпейт, айылдардын абалы менен тааныш эмес. Такталбаган жерге кошуна мамлекет үйлөрүн салып кирип жатышат, бул маселелерди чечиш үчүн кесипкөй адистер иштеген жок. Эгер биздин партия парламентке барса, чек аранын маселесин чече турган адистерди даярдап, атайын орган түзүүгө умтулат», - деди ал.
Канат Бакалов чек ара маселесин жон териси менен сезген адам катары аксайлыктарга кайрылды: «Биздин «Замандашка» кошулганыбыздын себеби чек ара маселелерин, суу көйгөйлөрүн чечиш үчүн бирге бара жатабыз. Элдин маселесин, чек ара маселесин биз жон терибиз менен билебиз, тартипке салып, чек ара көйгөйүн чече алган адистер Жогорку Кеңешке барышы керек».

Аксайдын тургундары партияга ийгилик каалап, айылдын аксакалы каалоо тилегин айтып, өз батасын берди.

"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 19-сентябрь, 2020-жыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан