«Замандаш» партиясы Баткенде

18-сентябрда «Замандаштын» кезектеги үгүт кербени Баткен шаарында өттү. Баткендин эли «Замандаштын» Жогорку Кеңешке талапкерлерин жылуу маанай менен тосуп алышты. Жолугушуунун башында Жогорку Кеңешке талапкер Искендер Гаипкулов партиянын программасын жана талапкерлерин тааныштырды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын көйгөйлөрүнүн чечүү жолдорун айтып, партия Парламентке өтсө жети багытты ишке ашырууга дароо киришерин билдирди.

"Баткендин эле эмес Кыргызстандын чоң көйгөйү болгон чек ара маселесин тезинен чечүү «Замандаштын» максаттарынын бири. «Замандаш» партиясы экологияга өзгөчө көңүл бурат. Шаарларда сапаты жок көмүрлөр жагылып, түтүн каптап элдин ден соолугуна зыян келтирүүдө. Электромобилдерди, электроавтобустарды алып келип, жалпы элди газ менен камсыз кылышыбыз абзел. Өлкөбүздү гумандуу өлкөгө айлантып, сот системасы адилеттүү болбогондуктан системаны жаңылаш керек. Ааламдашуу мезгилинде өлкөнү инновациялык нукка буруу мезгилдин талабы".

Мигранттарга жеңилдиктерди кылып, аларга пенсияны мыйзамдаштыруу керектигин да белгиледи.
Канат Бакалов Баткен эли менен болгон амандашып, партияга эмнеге киргендигин айтып өттү:

«Биздин катардагы инсандар чынчыл, адилетүү. Таза партия менен жаркын келечекти эл менен бирге курууга даярбыз. Парламентке барбасак карапайым элдин, Баткенчилердин көйгөйү чечилбейт. 20 жылдан ашты, макам дале ала албай келебиз, Баткенде коогалаң болду деп айтышат, бирок чындыгында Баткенде согуш болгон. Баткен ардагерлери жылдан жылга азайып бара жатат, башка партиялардан үмүт жок болуп калды, бул көйгөйлөрдү чече ала турган жалгыз «Замандаш» партиясы гана»

Баткендин көйгөйлөрүн ичинен билген, Жогорку Кеңешке талапкер Эсеналы Парманов элге кыска кайрылуу жасады:

«Мен буга чейин мамлекеттик кызматты аркалаган эмесмин, Баткендин көйгөйүн жакшы билем, мага өзүңүздөрдүн батаңыздарды берсеңиздер, Кыргызстандын, Баткендин жаркын келечегин курууга аракетимди жумшайм»

Жолугушууга кыргыздын салтын сактап, элечек кийип келген энелердин бири жалпы талапкерлерге ийгилик каалап, Искендер Гаипкулов Баткен районунун акими болуп турганда, бир топ элге ак кызмат кылып кеткенин белгилеп, ыраазычылыгын билдирип көзүнөн жаш алды: «Сиздин бизге кылган жакшылыгыңызды эч унутпайм, инимдин эстелигин тургузганда, агасына кантебиз дегенимде, сиз агасына да эстелик тургузабыз, ал да Баткен үчүн курман болду дегенсиз. Сиз колдогон 21 жетим балдар бүгүнкү күндө жетилип, Кыргыздын мыкты уул кыздары болуп, мекени үчүн татыктуу кызматын кылышууда»

Жолугушуунун аягында Баткен эли «Замандаш» партиясынын жасап келген иштерине ыраазычылыгын билдиришип, шайлоодо утуп чыгуусуна тилектештигин билдиришти.

"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 19-сентябрь, 2020-жыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан