“Кыргызстан” партиясынын үгүт кербени аймактарда

“Кыргызстан” саясий партиясынын үгүт кербени аймактарды кыдырууда. Тагыраагы, аталган партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматов Ош облусунун Өзгөн районунун эң алыскы Аюу, Кайрат, Ничке-Сай жана Алтыбай айылдарынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө талапкер “Кыргызстан” партиясынын “Эл үчүн” программасы менен кеңири тааныштырды.

Ал эми жергиликтүү тургундар ичүүчү таза суу, электр энергия, жерди трансформациялоо жана социалдык объектилерге байланыштуу маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле социалдык жөлөк пулдарга байланыштуу мыйзамды кайра карап чыгууну суранышты.

Саматов элдин көйгөйлөрүн уккан соң, өз ойлору менен бөлүштү.

"Азыр өкмөт Өзгөн районундагы 180 гектар жерди трансформациялоо маселесин чечип жатат. Участоктордогу көйгөйлөр чечилет деп ойлойм, бирок алгач таза суунун биринчи траншын бүтүрүшүбүз керек", - деди талапкер.

Ошондой эле Саматов бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн донорлорду тартууну көздөп жаткандыгын белгиледи.

Ал эми “Кыргызстан” партиясынын дагы бир талапкери Жаныбек Исаев Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын тургундары менен жолугушту. Жергиликтүү тургундар талапкерди жылуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Исаев шайлоочуларга өлкө экономикасын өнүктүрүүгө жана элдин жыргалчылыгын камсыз кылууга багытталган партиянын “Эл үчүн” деген программасы тууралуу кеңири айтып берди.

Тургундар партиянын пландары жана программасы менен таанышкан соң “Кыргызстан” партиясын колдоого даяр экендигин чын ниеттеринен билдирди. Айыл аксакалдары “Кыргызстан” партиясына ак жол каалап, баталарын беришти.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан