Үгүт ишинде чыккан мушташ. Окуя БШКнын жыйынында каралабы? Жооп

Ош облусунун Араван районунда шайлоо өнөктүгүнүн үгүт иштери жүрүп жаткан маалда мушташ чыгып, 12 адам ооруканага жаткырылып, 5 унаа талкаланганы аныкталган. Бул окуя коом арасында чоң талкуу жаратты. Учурда иш боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин баштады.

Буга байланыштуу БШКга байланышып: "Аравандагы окуя БШКнын жыйынында каралабы?" деген суроо узаттык. Бизге БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева жооп берди.

"Аравандагы окуяны көрдүк. Бирок азырынча буга карата жалпы баа гана бере алабыз. Жалпы баа дегенибиз мындай иш-аракеттер шайлоо мыйзамдарына туура келбей тургандыгын эскертебиз. Араван районунда катталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Окуя боюнча териштирүү иштерин укук коргоо органдары жүргүзүп жатат. Демек, алар ишти карап чыгып, иликтөө жүргүзүп, анан бизге бул ишке байланыштуу конкреттүү маалыматтарды бергенде гана БШК кандайдыр бер чечим кабыл алып, укуктук баа бере алат. БШК жалпы жыйында күн тартибине коюлган маселелердин арасында Аравандагы болгон окуяны талкуулашы мүмкүн. Албетте, шайлоо маалындагы мындай иш аракеттерди биз колдобойбуз. Тартип бузгандар жоопкерчиликке тартылышы керек. Бирок жана айткандай эле алгач укук коргоо органдары окуя боюнча териштирүү жүргүзгөндөн кийин гана БШК аны караганга укуктуу", - дейт Журабаева.

Эске салсак, Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкканы маалымдалган. Анда 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Жыйынтыгында аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Janibek1970
2020-09-21 14:58:52
Партиялар жадатты. Шайлоо ертеерек бутсо екен
+2
marsel__kalmurzaev
2020-09-21 16:02:54
Башка партия болгондо четтетип эле салмаксынар мекеним кыргызтанга суйлойда албасанар керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан