Талапкер Руслан Молдошев: “Кыргызстан” партиясынын келечеги – бул биздин өлкөнүн келечеги!"

"Кыргызстан" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Руслан Молдошев 1973-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Каракол шаарында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Колдонмо математика жана информатика” адистиги боюнча окуган. Ошол эле университетте аспирантураны аяктаган. Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясында “Каржы жана насыя” адистиги боюнча диплом алган.

Жаңы маалыматтык технологиялар борборунда инженер-программист жана “Мээрим” фондунун Ысык-Көл облустук филиалынын Шаардык балдар жана өспүрүмдөр борборунда маалыматтык технологиялар ийриминин жетекчиси болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын II категориядагы мугалими квалификациясы бар. Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназияда мугалим жана программист, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун программалоо бөлүмүнүн башкы адиси, ошондой эле бир нече жоопкерчилиги чектелген коомдордо жана соода компанияларында иштеген.

“Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка эмне үчүн ат салышып жаткандыгын Руслан Молдошев маегинде айтып берди.

- Ийгиликке жетүүдөн мурун ар ким өз жолун басып өтөт ... Сиз кандай жолду басып өттүңүз?

- Мен орто мектепте жакшы окуп, жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап, аспирантурага тапшырдым. Жаш кезимде кесибим боюнча программист болуп, ал убакта программисттерге суроо-талап жок болгондуктан мигранттын тагдырын башымдан өткөрдүм. Казакстанга иштегени кетип, ал жерден Шаршенбек Абдыкеримов менен таанышып калдым. Бул жолугушуу менин тагдырымды өзгөрттү. Анын кеңеши менен мен өлкөнүн жаркын келечегин түптөө үчүн мекениме кайтып келдим.

- Сиздин оюңуз боюнча, Шаршенбек Абдыкеримовдун ишенимине ээ болууга сиздин кайсы сапаттарыңыз жардам берди?

- Менин оюмча, адамдарга жана жумушка болгон мамилем. Тагдыр мени ушул адамга алып келгенине абдан кубанычтамын. Ал менин насаатчым болуп калды.

- Эмне үчүн “Кыргызстан” партиясын тандадыңыз?

- Биринчиден, менин келечекке болгон көз карашым партиянын программасы менен дал келди. Бул партияда көптөгөн ишкерлер бар. Партиянын программасында өндүрүшкө жана экономикалык өсүшкө өзгөчө басым жасалган.

- Жаңы муунга насаатчы боло алдыңызбы?

- Мен жаштар менен көп иштейм жана мага алар менен иштөө абдан жагат. Менин негизги кесибим - окутуучу, университетте иштейм. Жаштар келечекти кандайча көрүшөрүн, кандай натыйжаларга жетүүнү каалай тургандыктары жөнүндө айтып беришет, мен болсо алардын пландарын тууралап, алардын башына түшкөн кырдаалда кандай мамиле кылуу керектиги боюнча кеңештерди берип турам.

- “Кыргызстан” партиясынын келечеги тууралуу айтсаңыз?

- Талапкерлер сөзүнө туруп, партиянын татыктуу атын жаманатты кылбашы керек. Партиянын аты биздин өлкө менен тыгыз байланыштуу, ал жөн гана пафос эмес.

Өндүрүштө иштеп, бизнес менен алектенип, бул тармактарда мамлекеттик деңгээлде чечиле турган көптөгөн көйгөйлөрдү байкадым. Салык жана бажы тармагындагы инвестиция тартуудагы көйгөйлөр мамлекеттик экономика үчүн негизги тоскоолдуктар болууда. Бизнеске тоскоол болгон көйгөйлөр мыйзам менен жөнгө салынгандан кийин экономикабыз өнүгөт.

Эгерде мен Жогорку Кеңештин депутаты болуп калсам, аймактардагы элдер менен бир топ иштерди алып барууну пландап жатам. Көпчүлүктүн жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок эмнеден баштоону билишпейт. Ушул багытта элге жардам бергим келет.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан