Энергетикалык кризистен чыгуунун жолу – чакан ГЭСтерди куруу

“Энергетикалык кризистен чыгуунун жолу – чакан ГЭСтерди куруу”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

“Энергетикалык коопсуздук – бул керектөөчүлөрдү электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, технология жана жабдууларын дайыма жаңылап туруу. Азыркы энергетика секторунда олуттуу көлөмдө коммерциялык жана техникалык жоготуулар бар. Ал жоготууларды тийиштүү деңгээлде кыскартуу керек. Ага укуктук-ченемдик базаны жана өндүрүштүк-экономикалык мамилени жакшыртуу менен жетүүгө мүмкүн”, – деди ал.

Алтынбек Сулайманов энергияны экспорттогон өлкөгө айлантуу заман талабы экенин кошумчалады.

“Калк үчүн отун-энергетикалык ресурстар жеткиликтүү болушу керек. Ошондой эле аны экспорттоого мүмкүнчүлүк жаратуу зарыл. Энергетика жана башка табигый ресурстар өлкөнүн киреше булагы болуп, Кыргызстанды жаңы рынокторго чыгара алат. Табигый ресурстарды өздөштүрүү экономиканын өнүгүп-өсүшү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жакырчылыкты азайтуу үчүн маанилүү”, – деди Сулайманов.

Партия лидери энергоресурстарды эскилиги жеткен технология менен өндүрүү өлкөгө кымбатка түшөрүн баса белгиледи.

“Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Акбалык Жумалиева, Бакыт Карапашов, Нурбек Мурашев, Алмазбек Сагындыков, Эсен Казакенов, Тынарбек Алимбеков жана Нурмухамед Мамбеталиев Майлуу-Суу шаарынын жана Бүргөндү айылынын тургундары менен жолугушту.
“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Раззакова 7/2. 21- сентябрь, 2020-жыл.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан