"Кыргызстан" партиясы №15: Заманбап медицина - бул дени сак улуттун негизи!

2020-жылдын июль айындагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тармагында 72 миң 284 адам иштейт, анын 13 миң 722си жогорку медициналык билимдүү, 33 миң 740ы орто медициналык билимдүү адистер. Ошентип 10 миң адамга болжол менен 21 дарыгер туура келет.

2018-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги бул тармакта бюджеттин жана адам ресурстарынын натыйжалуу бөлүштүрүлүшү үчүн оптимизациялоо жүргүздү. Бирок оптимизациялоо бирдиктүү жыйынтыкка алып келген жок. Мисалы, бир дарыгер стандарттарга ылайык айына 300 бейтапты тейлөөсү керек, ар бир күнгө бөлгөндө 13-16 бейтап болот. Иш жүзүндө дарыгерлер орто эсеп менен эки эсе көп бейтапты тейлегендиктен ар бир бейтапты кароого бөлүнгөн 30 мүнөттүн баарын колдоно алышпайт.

Аймактарда 10-15 бейтаптын ордуна дарыгерлер кээде үч сааттык жумушта 30дан ашык бейтапты кабыл алышат жана ар бирине 5 мүнөткө жетпеген убакыт бөлө алышат.

Саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону көбөйтүү аракеттерине карабастан, медицина кызматкерлеринин орточо эмгек акысы республикалык орточо деңгээлден төмөн – 10 750 сом бойдон калууда.

Саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйү – квалификациялуу адистер менен дарыгерлердин тартыштыгы. Бүгүнкү күндө көптөгөн дарыгерлер чет өлкөгө кетип жатышат, анткени ал жакта көбүрөөк эмгек акы алып, кесиптик жактан өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрү жогору. Ал эми Кыргызстан заманбап медицина жаатында артта калууда. Учурдагы дагы бир негизги көйгөйлөрдүн бири 1,5 миң үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздиги.

Пандемияга байланыштуу дарыгерлердин статусу жөнүндө суроо пайда болду жана Кыргызстанда медицина тармагын кескин реформа кылыш керек экенин көрсөттү.

Саламаттыкты сактоо министрлигине эпидемия менен күрөшүүдө дарыгерлерге кошумча акы, кенемте төлөө үчүн март айынан июлга чейин 785,4 миллион сом бөлүнгөн. Натыйжада жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, жандандыруу бөлүмдөрүндө, вирусологиялык лабораторияларда, обсервацияларда же мобилдик топтордо иштеген дарыгерлер 29 күн ичинде жалпысынан 72000 сом алышы керек болчу. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин компенсациялык төлөмдөр боюнча комиссиясынын төрайымы Индира Жумабаеванын айтымында, коронавирустан каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөсүнө гана компенсация берилген, калгандары боюнча маселе дагы деле каралып жатат.

Медицина тарамагын модернизациялоо жана дарыгерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн «Кыргызстан» партиясы төмөнкүлөрдү сунуш кылат:

1) мамлекеттик бюджеттен эмгек акы алган медкызматкерлерди киреше салыгынан бошотуу, эгерде салыктардан кийинки эмгек акы орточо айлык акынын деңгээлинен төмөн болсо. Бул чара 18000 сомдон аз алгандардын эмгек акысын 10%га жогорулатат.

2) коммерциялык медицинаны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү:

- айрым оор илдеттерди (онкология, кургак учук ж.б.) дарылоо же операция жасаган жана органдарды трансплантациялаган жеке клиникаларды киреше салыгынан бошотуу;

- дарылоо, айрым оор ооруларды операция жасоо жана органдарды трансплантациялоо менен байланышкан кызмат көрсөтүүдөн киреше алган чет өлкөлүк дарыгерлерди салыктардан бошотуу;

- дарылоо, айрым оор илдеттерге операция жасоо жана органдарды трансплантациялоо менен байланышкан кызматтарды көрсөтүүдөн киреше алган чет өлкөлүк адамдар үчүн ыңгайлуу визалык же визасыз режимди киргизүү;

- ооруларды дарылоого келгендер, ошондой эле алардын туугандары (коштоочу адамдар) үчүн ыңгайлуу визалык режимди түзүү.

3) Кыргызстанга алынып келген медициналык жабдууларды жана буюмдарды бардык салык, бажы жана башка төлөмдөрдөн бошотуу;

- ата мекендик медицинаны өнүктүрүү үчүн медициналык мекемелер эң алдыңкы технологиялар менен жабдылышы үчүн бардык шарттарды түзүү керек.

4) медициналык кызматкерлерге белгилүү бир жеңилдиктерди караштыруу:

- коммуналдык кызматтарга акы төлөөдөн бошотуу же баасын төмөндөтүү;

- үзгүлтүксүз 9 ай иштегенден кийин (11 айдын ордуна) акы төлөнүүчү өргүүгө жиберүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу.

5) жаш дарыгерлерди, анын ичинде медициналык ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн айыл жеринде иштөөгө стимул берүү программасын иштеп чыгуу. Программа дарыгерлерге турак жай жана жер, пайызсыз насыя, "жаш дарыгердин депозити" менен камсыз кылышы керек.

Медицина кызматкерлерине кам көрүү "Кыргызстан" партиясынын артыкчылыктуу максаттарынын бири. Адам өмүрүн сактап калгандар, эң жогорку жашоо деңгээлине ээ болушу керек.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан