Айым талапкерлер теледебатта "Медицина тармагындагы абалды кантип оңдосо болот?" деген суроого жооп беришти

Бүгүн, 21-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өтүп жатат. “Мекен Ынтымагы" - Венера Осмонбетова; "Кыргызстан" - Асель Атабекова; "Социал-демократтар" - Айчүрөк Камаева; "Биримдик" - Аида Касымалиева; "Республика" - Алтынай Өмүрбекова.
Суроо: Пандемия кыргыз медицинасынын абалын жылаңачтап даана көрсөттү. Көйгөйлөрдүн көпчүлүгү сокурга көз бүткөндөй көрүндү. Медицина тармагындагы абалды кантип оңдосо болот? Сиздердин программада бул жаатта кандай конкреттүү сунуштар бар?
Венера Осмонбетова: "Пандемияда медицина тармагыбыз жылаңач экенин көрдүк. Ошонун кесепетинен жарандарыбыз каза болду. Болгону биз келечектин медицинасын түзгөнгө аракет кылышыбыз керек. Медициналык академиясына инновациялык программаларды киргизүү керек. Кесипкөй дарыгерлер чыгып ушундай жагдайдан чыгаруусу шарт. Пандемияда ооруканалар жетишпей жатты. Аппараттар жетишсиз болуп элдин жини келди. Биздин программада жазылгандай, бардык жерге күчтүү кадрлар керек", - дейт.
Асель Атабекова: "Биздин программада бул көйгөйгө өтө маанилүү ролду өткөрдүк. Себеби бул мамлекеттик масштабда ар бир үй-бүлөнүн көйгөйү болуп эсептелет. Жалпылап айтканда, биз программага жаңы медициналык борборлорду куруу, "Тез жардам" унааларын сапатын жакшыртуу дегенди койдук. А бирок биз тереңирээк карап, ушул медициналык жакта болгон акыбалды өзгөртүш үчүн, биз түшүнүп турабыз. Мына фонддо 6 миллиард доллар, 6 миллиард сом чечип коёбуз десек, элибизди алдаган болобуз. Муну менен маселени чече албайбыз. Ошол бюджетке кандай жол менен толуктасак, ошол 6 миллиард сомду 15 миллиард сомго жеткириш үчүн кандай көйгөйлөрдү чечишибиз керек деп, ошону карап чыктык. Мисалы, ар бар адам ооруп калса ооруканага барат. Ал ооруканада кезек болгондуктан жеке клиникага барганга туура келет. Ал жактан алар акча төлөшөт. Ар бир адам иштеген жеринде фондго акча төлөп келе жатат. Ошол адамдын акчасы ал адам кайда жүрсө, артынан жүрүшү керек. Кайсы гана поликлиникага кайрылбасын ошол фонд иштеши керек. Себеби деген бул ар бир адамдын ден соолугуна салган салымы болот. Ошол жагынан башташыбыз керек", - деди.
Айчүрөк Камаева: "Негизи эле пандемия учурунда бир эле медицина тармагы эмес, жалпы эле бийликтин шалаакылыгын жана жоопкерчиликсиз мамилесин көрө алдык. Баарыбыз эле дары-дармектин жетишсиздиги, ооруканада орундун жоктугу жана башка бир катар маселелерге туш болдук. Биздин партия өзүбүздүн программада элдин ушул сыяктуу актуалдуу көйгөйлөрүн камтып, атайын программа иштеп чыктык. Бүгүнкү күндө биз медицинага көңүл буруп, алардын айлык маянасын көтөрүү жана башка социалдык көйгөйлөрүнө маани беребиз. Ал үчүн саясий эрктүү болуу керек", - деди.
Аида Касымалиева: "Биздин партия медицина тармагына өзгөчө көңүл бурабыз деп жатабыз. Чындап эле пандемиянын сабактары абдан курч жана өкүнүчтүү болду. Биздин партиянын программасында бул боюнча жакшы сунуштар бар. Дарыгерлерге жакшы айлык төлөй албай калдык. Медицина кызматкерлердин базалык айлыгы көтөрүлүшү зарыл. Бул санэпидемстанция кызматы жок экен. Жогорку окуу жайларга бюджеттик орундарды камсыздап берүү шарт. Пандемиянын учурунда дарыгерлердин макамы жөнүндө мыйзам жок экенин көрдүк. Парламент мыйзам кабыл алып берди", - деди.
Алтынай Өмүрбекова: "Биздин "Республика" саясий партиясынын платформасында, программасында саламаттыкты сактоо маселесине абдан чоң көңүл бурулуп жатат. Бюджетти эки эсеге көбөйтөбүз жана анын булактарын дагы аныктаганбыз. Бүгүнкү күнү бизге электрондук саламаттыкты сактоо толугу менен керек. Ар бир киши төрөлгөндөн баштап, эң акыркы күндөргө чейин өзүнүн медициналык электрондук картасы болушу керек. Ал жерде бардык маалымат болушу зарыл.

Экинчи маселе - бул кадрларды даярдоо маселеси. Бүгүнкү күндө бизде көптөгөн медициналык окуу жайлар бар, бирок сапаты жакшы болбой жатат. Ошондуктан толук түрдө даярдоо маселесине көңүл буруу. Үчүнчүдөн, 7 облустагы ооруканаларыбыз биотехнологиялык заманбап ооруканаларга айланышы зарыл", - дейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан