"Аялдардын ишкерлигин колдоо боюнча так кандай кадамдарды сунуштайсыздар?" Айым талапкерлердин теледебаты

Бүгүн, 21-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өтүп жатат. “Мекен-Ынтымагы" - Венера Осмонбетова; "Кыргызстан" - Асель Атабекова; "Социал-демократтар" - Айчүрөк Камаева; "Биримдик" - Аида Касымалиева; "Республика" - Алтынай Өмүрбекова.
Суроо: Аялдардын ишкерлигин колдоо боюнча так кандай кадамдарды сунуштайсыздар?

Венера Осмонбетова аялдардын ишкерлигин колдоодо комплекстүү систем иштеп чыгуу керектигин айтты. "Жеңилдетилген кредит жактан көмөк көрсөтүүбүз зарыл. Мамлекеттен аял ишкерлерге колдоо керек. Биз аларга жарнамалык жактан болсо дагы көмөк көрсөтүүбүз шарт. Алар кандайдыр бир мамлекеттик иш-чараларга катышуусун, мамлекет тарабынан социалдык жарнама жактан болсо дагы колдоо кылышыбыз зарыл. Биз айымдардын гана ишкерлиги эмес, негизи эле ишкерликке көңүл буруубуз абзел. Биздин программада инвесторлорду тартуу, алардын көңүлүн бурдуруу сыяктуу дагы программаларды иштеп чыкканбыз", - деди ал.

Асель Атабекова: "Мен өзүм 90 пайыз айымдар менен иштешем жана бул жактагы көйгөйдү биздин партия жакшы түшүнүп турат. Айымдардын бизнесин баштоосуна мамлекет конкреттүү жардам көрсөтүп, чечкиндүү кадам кылышыбыз керек. Мисалы, алар кандайдыр бир иш баштап жатса мамлекет тарабынан сөзсүз түрдө колдоо зарыл. Камсыздандыруу жактан болобу, салык системинен болобу, алардын кандайдыр бир маселесин чечүүгө салымыбызды кошуубуз шарт", - дейт.

Айчүрөк Камаева азыркы учурда алардын айымдардын ишкерлигин колдоо боюнча атайын эч кандай деле программасы жок экенин билдирди. "Бирок конкреттүү түрдө чечимдерди кабыл алып, иш алып бара алабыз. Атайын бир ыйгарым укуктуу орган конкреттүү түрдө иш алып баруусу керек. Бир чечкиндүү программаны иштеп чыгуу абзел. Мисалы, пандемия учурунда ишкерлер ЖМКлар аркылуу аларга бир чиновник тарабынан басым болуп жаткандыгын айтып жатышты. Ишкерлер пандемияда канча адамдарга жардам кылды. Аларга эч кандай басым болбошу керек. Биз аларга басым кылгандын ордуна колдошубуз шарт. Бул парламент тарабынан көзөмөлгө алынышы керек жана тиешелүү деңгээлде тапшырма берилиши зарыл", - дейт ал.

Аида Касымалиева: "Бул көйгөйдү мамлекеттин бир маселеси деп кароо керек. Мен көптөгөн аймактарда болдум. Айылдарда үй жумуштарынан, балдардан бошоп ишкерлик менен алек болуу үчүн айымдардын убактысы деле жетпейт. Негизи айылдарда айымдарга өтө кыйын, ошон үчүн жөлөк пул маселесине көп көңүл буруп келдим. Биз социалдык шарттарды иштеп чыгуубуз шарт. Мисалы, балдарын 2-3 саатка калтырып туруу жагын карап көрүү зарыл. Ушул сыяктуу жардамдарды болсо дагы уюштуруу керек. Шаарда чач-тарачтар, сулуулук салондор бар, аларды дагы колдоо керек. Бизде айымдар акылдуу, эмгекчил келишет, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү зарыл. Мен мындай маселелерди көп көтөрүп жүрөм", - деди.

Алтынай Өмүрбекова: "Айымдардын ишкерлиги ар дайым мамлекеттин жардамына муктаж. Бул жерде эки кыйынчылык бар. Биринчиден, маалыматтын аздыгы, экинчиден финансылык көйгөй. Дал ушул жерде мамлекеттен жардам керек. Эгер 90-жылдарды эске ала турган болсок, биздин айымдар колуна баштык алып, өлкөнүн экономикасын сактап калышкан. Менимче, аларга ыраазычылык билдирүү убактысы келди. Ошондуктан мамлекеттик жардам, колдоо көргөзүү абзел. Айымдар канча акча таппасын, үй-бүлөсүнүн кирешесине салым кошот. Мамлекет айымдардын ишкерлигин колдоо менен чоң пайда таба алат", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан