“Социал-Демократтар” партиясынан депутаттыкка талапкер Айчүрөк Камаева айым талапкерлерге суроо берди.
Ал “Биримдик” партиясынан талапкер Аида Касымалиевага суроо узатты.
“Элдин айтуусу боюнча, “Биримдик” партиясы саясий саткындар, элдин ырыскысын уурдагандар, жарымынан көбү мамлекетте чоң кызматта турган адамдар менен бара жатат. Ушундай курам менен азыркы убакта уят болуп жаткандай эле, эртеңки күнү дагы элдин алдында уят болуп, келечекте балдарыңыздын жүзүн кандай карайсыздар?"
Аида Касымалиева: “Жанатан бери саткын, саткын деген сөз көп айтылды. КСДПнын урашына ким күнөөлүү? ЖЭБ боюнча комиссиянын курамына киргем, бул боюнча КСДП фракциясы өзү демилге көтөрүп болуп көрбөгөндөй чуулгандуу иштерди көтөрүп, укук коргоо органдары өзүнүн баасын берди. Курам боюнча айтсам, мен азыр Кербенден келдим. Элдин кабыл алуусу жакшы жана биздин команда күчтүү. Биринчи саптарда тажрыйбалуу адистер турат. Азыр бардык партияда келе жаткан жаштарды колдойм, бул абдан сонун көрүнүш", - деди.
Айчүрөк Камаева “Кыргызстан” партиясынан талапкер Асель Атабековага “Сиздердин партиянын курамында эки сөздүн башын бириктире албаган, сабатсыз депутаттар аттанып жатат. Алар парламентке келип кала турган болсо, кыргыз парламентин дүйнө жүзүнө сабатсыз парламент деп даңазалап калабы?” деген суроо берди.
Асель Атабекова: “Орус тили - бул мамлекеттик тил эмес. Адамдын адашканын көтөрүп, негизги көйгөйдү көтөрбөй элди алдап жатабыз. Мисалы, биздин спикер түрк тилинде сонун сүйлөйт экен. Бакуда түрк тилинде сүйлөсө баары таң калышыптыр. Эмне үчүн бул тууралуу эч ким айтпайт? Адам сөздөн адашып кеткенине эмес, жасаган ишине баа берилиши керек”, - деп жооп берди.
Айчүрөк Камаева “Республика” партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбековага “Эмне үчүн үй-бүлөлүк башкарууга каршы тура алган жоксуздар? Коркуп жатасыздарбы?” деген суроо узатты.
Алтынай Өмүрбекова: “Биз корксок 7-чакырылышка аттанмак эмеспиз. Биздин мурунку саясий лидерибиз өзүнүн билдирүүсүн берген. Биз анын оюн сыйлайбыз. Мурунку президент бардык конституциялык нормаларды бузуп, шайлоо убагында үгүт иштеринде мыйзам бузган. Ал киши жөнүндө жаман ой айткым келбейт. Анткени ал мага жооп бере албайт. Бирок бул баарыбызга тарых болушу керек. Түбөлүк бийлик жок. Ошондуктан эч качан мыйзам бузууга барбоо зарыл”, - деп жооп берди.
"Биримдик" партиясынан талапкер Аида Касымалиева талапкерлерге суроо берди.
Ал "Республика" партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбековага "Пандемия учурундагы моралдык бир жоопкерчиликти сезбейсизби? Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Космосбек Чолпонбаев дагы камакка алынды..." деп кайрылды.
Алтынай Өмүрбекова: "Аида Камчыбековна, пандемияда эң негизги жетекчилер чыгып ачык-айкын элге маалымат берүүдөн баш тартканда, мен ошол маалда чыгып элге бардык керектүү маалыматты жеткирип турганга аракет кылдым. Ошондо эле жоопкерчиликти моюнума алып койгом десем болот. Мен жана дагы айтып кеттим жоопкерчиликтен эч ким качпайт, бул жерде иликтөө жүргүзүү үчүн биринчилерден болуп демилгечи болом. Ким кандай жумуш аткарды өз убагында баары жооп берет, эч ким качпайт. Үчүнчүдөн, Космосбек Чолпонбаев эмне себептен бүгүнкү күндө камакка алынды ачык айтыла элек. Бул болсо жанагы пандемия учурундагы чоң акчалар туура эмес сарпталдыбы же болбосо буга чейинби деген суроо турат. Ошондуктан менин оюмча, укук коргоо органдары да маалыматты бүгүнкү күндө ар кандай берип жатат. Бирөөсү 9 миллион доллар десе, бирөөсү 65 миллион доллар дейт. Ошол толук, туура маалымат болгондо, мен кенен комментарий бере алам деп ойлойм", - деди.
Аида Касымалиева "Мекен-Ынтымагы" партиясынан талапкер Венера Осмонбетовага "Эл арасында "Мекен-Ынтымагы" партиясы шайлоо учурунда гана пайда болот деген пикир бар. Сиз буга кандай пикирдесиз?" деп суроо берди.
Венера Осмонбетова: "Биздин катарда бүт карапайым адамдар, өзгөчө ушул жылкы талапкерлер. Негизи шайлоого катышкан бул ар бир партиянын милдети, ошол себептен биз шайлоого катышабыз. Шайлоо бүткөндөн кийин ар кандай сөздөрдү чыгарбай эле өтсөк өттүк, өтпөсөк өз ишибизди улантып келе беребиз. Эгерде элде маалымат жок болсо же сиздер билбесеңиздер такыр бир иши жок деп айтууга туура келбейт. Себеп дегенде биз жерлерди кыдырабыз, балдарды окутууда, элдин аң-сезимин жогорулатууда салым кошуп келебиз. Жыл сайын балдарыбызга саясий сабаттуулукту, чоң саясатка барбасак дагы кадрларды даярдап келебиз", - деди.
Аида Касымалиева "Кыргызстан" партиясынан талапкер Асель Атабековадан гимнди ырдап берүүнү суранды.
Атабекова гимндин биринчи 4 сабын ырдап берди.
Аида Касымалиева "Социал-демократтар" партиясынан талапкер Айчүрөк Камаевага "Сиздер эч кандай программаны айтпастан эле, сын гана айтып жатасыздар, бирок бир дагы жолу мындай конкреттүү сунуштарды айткан жоксуздар..." деп кайрылды.
Айчүрөк Камаева: "Биздин конкреттүү түрдө сунуштар программабызда берилген. Мен кыскача токтолуп кетейин, биз бүгүнкү күндө парламенттин күчүн көбөйтүп, ал эми президенттин ыйгарым укуктарын кыскартуу менен биргеликте күчтүү парламентти түзөбүз деп бара жатабыз. Эгерде биз өтүп кете турган болсок, биздин программада көрсөтүлгөн тармактар боюнча иштердин баарын тең этап-этабы менен аткарабыз", - деди.
"Республика" партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбекованын мөөнөтү аз калгандыгына байланыштуу "Биримдик" партиясынан талапкер Аида Касымалиевага гана суроо узатты.Биринчи суроо: "Дүйнө жүзү азыркы учурда пандемиянын экинчи толкуну болот деп даярданып жатышат. Сиздердин партиянын тизмесинде бир канча жооптуу мамлекеттик кызматкерлер бар. Ошол эле вице-премьер, социалдык өнүктүрүү министри, анын орун басары бүгүнкү күнү пандемияга даярданбай шайлоо менен алышып жүрөт. Сиздин оюңузча, бул нормалдуубу? Ким даярданып жатат бул убакытта?"
Жооп: "Негизинен мен буга чейин дагы байкагам Аида Исмаилова боюнча экөөңүздөр бир партиядан, бир фракциядан чыгып, вице-премьер-министр болдуңуздар. Бирок ошол башынан эле мамилеңиздер начар. Анан мен ал мамилелерге профессионалдык жактан эмес, аралашкым келбейт да. Анан дагы бир нерсени айткым келет да, менден кийинки вице-премьер жакшы жумушту жасабай койду деген таризде интервьюңузду окуп калдым да. Бул дагы жоопкерчиликтен качуу. Социалдык өнүктүрүү министри, вице-премьер-министр дагы өзү даярдыктарын көрүп жатса керек. Мына азыр шайлоону өткөрүп алабыз деп, анан кийин барышты деп ойлойм. Алар үчүн жооп бере албайм".
Экинчи суроо: "Сиз бүгүн депутат катары ушул төш белгини кармап туруп "Биримдик" партиясы административдик-ресурс колдонгон жок деп айта аласызбы?"
Жооп: "Айта алам. Төш белгимди дагы кармайм, чын жүрөгүмдөн дагы айта алам. Себеби дегенде өнөктүк башталганда эле каралоо башталды. Ал жерде ошол менин айыл өкмөтүмдү ремонт иштерине бөлүнгөн иштерди, анан башка партияга иштеп жаткан директор. Ал боюнча видео дагы бар. Ошол паспортторду эмне себептен чогултуп жатасыз деген сөздөрдөн улам саясий интригага башка партия ошол жерде анын талапкери айлантып жиберди. Ал каралоону туура түшүндүм. Аны Кудайга койдум десем болот. Башка партиялардын айыл өкмөттөрү башка партиялардан талапкер болуп жаткан эң күлкүлүү. Мисалы, мен Өзгөндө көбүрөөк иштейм, айыл өкмөт, аким, ошолордун баары административдик ресурсту колдонсо, башка партияларга колдонуп жатат да. Азыр мына президент дагы "Тең мамиле" деп айтып кетти. Ошол дагы чоң таасирин берип жатат".