Айым талапкерлердин теледебаты өттү. Алар медицина тармагын жакшыртуу боюнча, аялдардын ишкерлигин колдоо тууралуу суроолорго жооп беришти

Бүгүн, 21-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өттү. Ага “Мекен Ынтымагы" партиясынан Венера Осмонбетова, "Кыргызстан" партиясынан Асель Атабекова, "Социал-демократтар" партиясынан Айчүрөк Камаева, "Биримдик" партиясынан Аида Касымалиева, "Республика" партиясынан Алтынай Өмүрбекова катышты.

1-суроо: Пандемия кыргыз медицинасынын абалын жылаңачтап даана көрсөттү. Көйгөйлөрдүн көпчүлүгү сокурга көз бүткөндөй көрүндү. Медицина тармагындагы абалды кантип оңдосо болот? Сиздердин программада бул жаатта кандай конкреттүү сунуштар бар?
Венера Осмонбетова: "Пандемияда медицина тармагыбыз жылаңач экенин көрдүк. Ошонун кесепетинен жарандарыбыз каза болду. Болгону биз келечектин медицинасын түзгөнгө аракет кылышыбыз керек. Медициналык академиясына инновациялык программаларды киргизүү керек. Кесипкөй дарыгерлер чыгып ушундай жагдайдан чыгаруусу шарт. Пандемияда ооруканалар жетишпей жатты. Аппараттар жетишсиз болуп элдин жини келди. Биздин программада жазылгандай, бардык жерге күчтүү кадрлар керек", - дейт.
Асель Атабекова: "Биздин программада бул көйгөйгө өтө маанилүү ролду өткөрдүк. Себеби бул мамлекеттик масштабда ар бир үй-бүлөнүн көйгөйү болуп эсептелет. Жалпылап айтканда, биз программага жаңы медициналык борборлорду куруу, "Тез жардам" унааларын сапатын жакшыртуу дегенди койдук. А бирок биз тереңирээк карап, ушул медициналык жакта болгон акыбалды өзгөртүш үчүн, биз түшүнүп турабыз. Мына фонддо 6 миллиард доллар, 6 миллиард сом чечип коёбуз десек, элибизди алдаган болобуз. Муну менен маселени чече албайбыз. Ошол бюджетке кандай жол менен толуктасак, ошол 6 миллиард сомду 15 миллиард сомго жеткириш үчүн кандай көйгөйлөрдү чечишибиз керек деп, ошону карап чыктык. Мисалы, ар бар адам ооруп калса ооруканага барат. Ал ооруканада кезек болгондуктан жеке клиникага барганга туура келет. Ал жактан алар акча төлөшөт. Ар бир адам иштеген жеринде фондго акча төлөп келе жатат. Ошол адамдын акчасы ал адам кайда жүрсө, артынан жүрүшү керек. Кайсы гана поликлиникага кайрылбасын ошол фонд иштеши керек. Себеби деген бул ар бир адамдын ден соолугуна салган салымы болот. Ошол жагынан башташыбыз керек", - деди.
Айчүрөк Камаева: "Негизи эле пандемия учурунда бир эле медицина тармагы эмес, жалпы эле бийликтин шалаакылыгын жана жоопкерчиликсиз мамилесин көрө алдык. Баарыбыз эле дары-дармектин жетишсиздиги, ооруканада орундун жоктугу жана башка бир катар маселелерге туш болдук. Биздин партия өзүбүздүн программада элдин ушул сыяктуу актуалдуу көйгөйлөрүн камтып, атайын программа иштеп чыктык. Бүгүнкү күндө биз медицинага көңүл буруп, алардын айлык маянасын көтөрүү жана башка социалдык көйгөйлөрүнө маани беребиз. Ал үчүн саясий эрктүү болуу керек", - деди.
Аида Касымалиева: "Биздин партия медицина тармагына өзгөчө көңүл бурабыз деп жатабыз. Чындап эле пандемиянын сабактары абдан курч жана өкүнүчтүү болду. Биздин партиянын программасында бул боюнча жакшы сунуштар бар. Дарыгерлерге жакшы айлык төлөй албай калдык. Медицина кызматкерлердин базалык айлыгы көтөрүлүшү зарыл. Бул санэпидемстанция кызматы жок экен. Жогорку окуу жайларга бюджеттик орундарды камсыздап берүү шарт. Пандемиянын учурунда дарыгерлердин макамы жөнүндө мыйзам жок экенин көрдүк. Парламент мыйзам кабыл алып берди", - деди.
Алтынай Өмүрбекова: "Биздин "Республика" саясий партиясынын платформасында, программасында саламаттыкты сактоо маселесине абдан чоң көңүл бурулуп жатат. Бюджетти эки эсеге көбөйтөбүз жана анын булактарын дагы аныктаганбыз. Бүгүнкү күнү бизге электрондук саламаттыкты сактоо толугу менен керек. Ар бир киши төрөлгөндөн баштап, эң акыркы күндөргө чейин өзүнүн медициналык электрондук картасы болушу керек. Ал жерде бардык маалымат болушу зарыл.

Экинчи маселе - бул кадрларды даярдоо маселеси. Бүгүнкү күндө бизде көптөгөн медициналык окуу жайлар бар, бирок сапаты жакшы болбой жатат. Ошондуктан толук түрдө даярдоо маселесине көңүл буруу. Үчүнчүдөн, 7 облустагы ооруканаларыбыз биотехнологиялык заманбап ооруканаларга айланышы зарыл", - дейт.
2-суроо: Аялдардын ишкерлигин колдоо боюнча так кандай кадамдарды сунуштайсыздар?

Венера Осмонбетова аялдардын ишкерлигин колдоодо комплекстүү систем иштеп чыгуу керектигин айтты. "Жеңилдетилген кредит жактан көмөк көрсөтүүбүз зарыл. Мамлекеттен аял ишкерлерге колдоо керек. Биз аларга жарнамалык жактан болсо дагы көмөк көрсөтүүбүз шарт. Алар кандайдыр бир мамлекеттик иш-чараларга катышуусун, мамлекет тарабынан социалдык жарнама жактан болсо дагы колдоо кылышыбыз зарыл. Биз айымдардын гана ишкерлиги эмес, негизи эле ишкерликке көңүл буруубуз абзел. Биздин программада инвесторлорду тартуу, алардын көңүлүн бурдуруу сыяктуу дагы программаларды иштеп чыкканбыз", - деди ал.

Асель Атабекова: "Мен өзүм 90 пайыз айымдар менен иштешем жана бул жактагы көйгөйдү биздин партия жакшы түшүнүп турат. Айымдардын бизнесин баштоосуна мамлекет конкреттүү жардам көрсөтүп, чечкиндүү кадам кылышыбыз керек. Мисалы, алар кандайдыр бир иш баштап жатса мамлекет тарабынан сөзсүз түрдө колдоо зарыл. Камсыздандыруу жактан болобу, салык системинен болобу, алардын кандайдыр бир маселесин чечүүгө салымыбызды кошуубуз шарт", - дейт.

Айчүрөк Камаева азыркы учурда алардын айымдардын ишкерлигин колдоо боюнча атайын эч кандай деле программасы жок экенин билдирди. "Бирок конкреттүү түрдө чечимдерди кабыл алып, иш алып бара алабыз. Атайын бир ыйгарым укуктуу орган конкреттүү түрдө иш алып баруусу керек. Бир чечкиндүү программаны иштеп чыгуу абзел. Мисалы, пандемия учурунда ишкерлер ЖМКлар аркылуу аларга бир чиновник тарабынан басым болуп жаткандыгын айтып жатышты. Ишкерлер пандемияда канча адамдарга жардам кылды. Аларга эч кандай басым болбошу керек. Биз аларга басым кылгандын ордуна колдошубуз шарт. Бул парламент тарабынан көзөмөлгө алынышы керек жана тиешелүү деңгээлде тапшырма берилиши зарыл", - дейт ал.

Аида Касымалиева: "Бул көйгөйдү мамлекеттин бир маселеси деп кароо керек. Мен көптөгөн аймактарда болдум. Айылдарда үй жумуштарынан, балдардан бошоп ишкерлик менен алек болуу үчүн айымдардын убактысы деле жетпейт. Негизи айылдарда айымдарга өтө кыйын, ошон үчүн жөлөк пул маселесине көп көңүл буруп келдим. Биз социалдык шарттарды иштеп чыгуубуз шарт. Мисалы, балдарын 2-3 саатка калтырып туруу жагын карап көрүү зарыл. Ушул сыяктуу жардамдарды болсо дагы уюштуруу керек. Шаарда чач-тарачтар, сулуулук салондор бар, аларды дагы колдоо керек. Бизде айымдар акылдуу, эмгекчил келишет, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү зарыл. Мен мындай маселелерди көп көтөрүп жүрөм", - деди.

Алтынай Өмүрбекова: "Айымдардын ишкерлиги ар дайым мамлекеттин жардамына муктаж. Бул жерде эки кыйынчылык бар. Биринчиден, маалыматтын аздыгы, экинчиден финансылык көйгөй. Дал ушул жерде мамлекеттен жардам керек. Эгер 90-жылдарды эске ала турган болсок, биздин айымдар колуна баштык алып, өлкөнүн экономикасын сактап калышкан. Менимче, аларга ыраазычылык билдирүү убактысы келди. Ошондуктан мамлекеттик жардам, колдоо көргөзүү абзел. Айымдар канча акча таппасын, үй-бүлөсүнүн кирешесине салым кошот. Мамлекет айымдардын ишкерлигин колдоо менен чоң пайда таба алат", - дейт.

Айым талапкерлер бири-бирине суроо узатышты.
"Мекен-Ынтымагы" партиясынан депутаттыкка талапкер Венера Осмонбетова айым талапкерлерге суроо узатты.
Ал "Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Асель Атабековага "Жыл сайын өлкөдө канча бала зордук-зомбулук көрөт жана канча аял күйөөсү тараптан кордукка кабылат?" деген суроо берди.
Асель Атабекова: "Бул жөн эле сан, 20дан 30 пайызга чейин аялдар зомбулукка кабылышат. Ал эми балдар 4-5 пайызга чейин зомбулукка кабылышат", - деп жооп берди.
Венера Осмонбетова "Социал-демократтар" партиясынан талапкер Айчүрөк Камаевага "Акыркы 10 жыл бою бийликте туруп, мамлекеттин өнүкпөгөнүн моюнуңарга аласыңарбы?" деген суроо берди.

Айчүрөк Камаева: "Биз мамлекет алдында, эл алдында өзүбүздүн катабызды сезип турабыз. Бул боюнча Алмазбек Шаршенович дагы эл менен жолукканда бир нече жолу айтып жүрдү. Бул туурасында биз моралдык жоопкерчиликти алып, элге дагы кайрылуу жасап келебиз. Ушул каталарыбызды жоёлу деп КСДП эмес, "Социал-демократтар" партиясын түзүп, 90 пайыз эски адамдардан арылып, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө жигердүү салым кошобуз деп парламентке баратабыз", - деди.
Венера Осмонбетова "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Аида Касымалиевага "Партиядан партияга секиргендер булар эки жүздүүбү же партиядагы туруксуздукпу?" деген суроо берди.
Аида Касымалиева: "Мен өзүм жөнүндө жооп берип коёюн, 2015-жылы КСДПдан депутаттыкка аттандык эле. КСДП кийинки учурда ыдырады. Айрымдары башка лидерлер менен, калгандары "Социал-демократтар" менен калды. Кайсы КСДП жөнүндө сөз болуп жатканы түшүнүксүз. Бул нерсени бир партияга секирүү деп эсептебейм. "Биримдик" партиясынын идеологиясы социал-демократия боюнча калды. Партиялаштарым менен башка партия түзгөнгө мажбур болдук", - деди.
Венера Осмонбетова "Республика" партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбековага "Пандемия учурунда сиз жоопкерчиликтүү жумушта турдуңуз, бирок анын натыйжасында миңден ашык адам каза болду. Ушуга эмне себеп болду деп ойлойсуз?" деп суроо узатты.
Алтынай Өмүрбекова: "Туура, февраль, март айында мен өкмөттө иштеп жатканда пандемия менен күрөшүүнү биздин өкмөт баштаган. Анда биздин биринчи максатыбыз коронавирусту өлкөгө киргизбөө болчу. Бизде алгачкы жолу коронавирус илдети март айында аныкталды. Эгерде ошол иштерди кылбасак, балким, февралда эле келмек. Пандемия менен күрөшүүдө биз жакшы эле салым коштук. Апрель айында мен жумуштан кеттим. Андан бери июнга чейин эл карантинде отурду. Кийин убактысы келгенде бул иштер иликтенет. Тарых дагы, убакыт дагы көрсөтөт", - деп жооп берди.
"Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Асель Атабекова тарабынан талапкерлерге суроо берилди.
Ал "Мекен-Ынтымагы" партиясынан талапкер Венера Осмонбетовага "Кандай кыйыр салыктарды билесиз жана алар кандай аталат?" деген суроо берди.
Венера Осмонбетова бул суроого жооп бере албай турганын айтты.
Асель Атабекова "Республика" партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбековага төмөндөгүдөй суроо узатты.
"Ипотека 6 пайыз менен саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматкерлерге берилет жана алгачкы төлөм алып салынат деп жазыптырсыздар. Бул абдан сонун. Айтсаңыз, айлык маяна боюнча, 4 миңден 18 миңге чейин маяна алса, болжолдуу 2 миллион сомду төлөө үчүн 20 жыл дарыгерлер эч нерсе ичпей, жебей жашай беришеби? Эмнеге негиздеп, ушундай убаданы берип жатасыздар?"

Алтынай Өмүрбекова: "Биздин партия жөн гана айтып койбойбуз, биз далилдейбиз. Алгачкы төлөм боюнча, бул эң биринчиден мугалимдерди жана дарыгерлерди ойлонткон маселе. Мындан сырткары мугалимдердин жана дарыгерлердин үй-бүлөсү бар. Алар үй-бүлөдө жалгыз гана иштеген адам эмес да. Мага бир дарыгер келип, "алгачкы төлөмдү алып койсоңор менин төлөгөнгө шартым бар. Балам Москвадан ай сайын акча салып турат" деген. Ал ай сайын төлөм төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок алгачкы төлөмдү төлөй албастыгын айткан. Бул жөн эле курулай сөз эмес, конкреттүү окуядан алынган", - деди.
Асель Атабекова тарабынан "Биримдик" партиясынан талапкер Аида Касымалиевага "Сиздердин программаңыздарда абдан көп социалдык көйгөйлөр көтөрүлгөн экен. Азыркы учурдагы курч медициналык көйгөйлөрдү чечүүдө конкреттүү кандай чараларды колдоносуздар?" деген суроо узатылды.
Аида Касымалиева: "Мен программа менен таанышып жаткан учурда ар бир пунктка көңүл бургам. Анын ичинде айлык маянанын көтөрүлүшү, "Тез жардам" кызматынын сапатын жакшыртуу, биокоопсуздук, лабораторияларга көңүл бурулган", - дейт.
"Социал-демократтар" партиясынан талапкер Айчүрөк Камаевага "Мурда КСДПнын мүмкүнчүлүктөрү көп, узак жолу бар эле. Азыр эмне үчүн акыркы чекитти көрүп туруп, мындай амбициялар болуп жатат?" деген суроо берилди.

Айчүрөк Камаева: "Кандай амбициялар жөнүндө сөз болуп жатканына түшүнгөн жокмун. Бүгүнкү күндө эки "КСДП" менен "Социал-Демократтар" партиясын алмаштырып жатасыздар. КСДП башка курам менен кеткен. Ал эми "Социал-Демократтар" партиясы, биз, жаңы башка курам менен шайлоого келе жатабыз. Арабызда азыркы депутаттардан 5-6оо эле бар. Калгандары баары башка адамдардан куралган. Бизди эмне себептен жогорку деңгээлдеги амбиция түрткү кылды? Жогоруда эле айтып өтпөдүмбү, өлкөдөгү көмүскөдө калган иш-аракеттердин күчөшү, элдин алдындагы бийликтин шалаакылыгы. Мындан тышкары кландык бийликтин акырындык менен жайылып келе жаткандыгы. Мына ушулардын баары түрткү болду", - деп жооп берди.

“Социал-Демократтар” партиясынан депутаттыкка талапкер Айчүрөк Камаева айым талапкерлерге суроо берди.

Ал “Биримдик” партиясынан талапкер Аида Касымалиевага суроо узатты.

“Элдин айтуусу боюнча, “Биримдик” партиясы саясий саткындар, элдин ырыскысын уурдагандар, жарымынан көбү мамлекетте чоң кызматта турган адамдар менен бара жатат. Ушундай курам менен азыркы убакта уят болуп жаткандай эле, эртеңки күнү дагы элдин алдында уят болуп, келечекте балдарыңыздын жүзүн кандай карайсыздар?"

Аида Касымалиева: “Жанатан бери саткын, саткын деген сөз көп айтылды. КСДПнын урашына ким күнөөлүү? ЖЭБ боюнча комиссиянын курамына киргем, бул боюнча КСДП фракциясы өзү демилге көтөрүп болуп көрбөгөндөй чуулгандуу иштерди көтөрүп, укук коргоо органдары өзүнүн баасын берди. Курам боюнча айтсам, мен азыр Кербенден келдим. Элдин кабыл алуусу жакшы жана биздин команда күчтүү. Биринчи саптарда тажрыйбалуу адистер турат. Азыр бардык партияда келе жаткан жаштарды колдойм, бул абдан сонун көрүнүш", - деди.

Айчүрөк Камаева “Кыргызстан” партиясынан талапкер Асель Атабековага “Сиздердин партиянын курамында эки сөздүн башын бириктире албаган, сабатсыз депутаттар аттанып жатат. Алар парламентке келип кала турган болсо, кыргыз парламентин дүйнө жүзүнө сабатсыз парламент деп даңазалап калабы?” деген суроо берди.

Асель Атабекова: “Орус тили - бул мамлекеттик тил эмес. Адамдын адашканын көтөрүп, негизги көйгөйдү көтөрбөй элди алдап жатабыз. Мисалы, биздин спикер түрк тилинде сонун сүйлөйт экен. Бакуда түрк тилинде сүйлөсө баары таң калышыптыр. Эмне үчүн бул тууралуу эч ким айтпайт? Адам сөздөн адашып кеткенине эмес, жасаган ишине баа берилиши керек”, - деп жооп берди.

Айчүрөк Камаева “Республика” партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбековага “Эмне үчүн үй-бүлөлүк башкарууга каршы тура алган жоксуздар? Коркуп жатасыздарбы?” деген суроо узатты.

Алтынай Өмүрбекова: “Биз корксок 7-чакырылышка аттанмак эмеспиз. Биздин мурунку саясий лидерибиз өзүнүн билдирүүсүн берген. Биз анын оюн сыйлайбыз. Мурунку президент бардык конституциялык нормаларды бузуп, шайлоо убагында үгүт иштеринде мыйзам бузган. Ал киши жөнүндө жаман ой айткым келбейт. Анткени ал мага жооп бере албайт. Бирок бул баарыбызга тарых болушу керек. Түбөлүк бийлик жок. Ошондуктан эч качан мыйзам бузууга барбоо зарыл”, - деп жооп берди.
"Биримдик" партиясынан талапкер Аида Касымалиева талапкерлерге суроо берди.
Ал "Республика" партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбековага "Пандемия учурундагы моралдык бир жоопкерчиликти сезбейсизби? Бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Космосбек Чолпонбаев дагы камакка алынды..." деп кайрылды.

Алтынай Өмүрбекова: "Аида Камчыбековна, пандемияда эң негизги жетекчилер чыгып ачык-айкын элге маалымат берүүдөн баш тартканда, мен ошол маалда чыгып элге бардык керектүү маалыматты жеткирип турганга аракет кылдым. Ошондо эле жоопкерчиликти моюнума алып койгом десем болот. Мен жана дагы айтып кеттим жоопкерчиликтен эч ким качпайт, бул жерде иликтөө жүргүзүү үчүн биринчилерден болуп демилгечи болом. Ким кандай жумуш аткарды өз убагында баары жооп берет, эч ким качпайт. Үчүнчүдөн, Космосбек Чолпонбаев эмне себептен бүгүнкү күндө камакка алынды ачык айтыла элек. Бул болсо жанагы пандемия учурундагы чоң акчалар туура эмес сарпталдыбы же болбосо буга чейинби деген суроо турат. Ошондуктан менин оюмча, укук коргоо органдары да маалыматты бүгүнкү күндө ар кандай берип жатат. Бирөөсү 9 миллион доллар десе, бирөөсү 65 миллион доллар дейт. Ошол толук, туура маалымат болгондо, мен кенен комментарий бере алам деп ойлойм", - деди.
Аида Касымалиева "Мекен-Ынтымагы" партиясынан талапкер Венера Осмонбетовага "Эл арасында "Мекен-Ынтымагы" партиясы шайлоо учурунда гана пайда болот деген пикир бар. Сиз буга кандай пикирдесиз?" деп суроо берди.

Венера Осмонбетова: "Биздин катарда бүт карапайым адамдар, өзгөчө ушул жылкы талапкерлер. Негизи шайлоого катышкан бул ар бир партиянын милдети, ошол себептен биз шайлоого катышабыз. Шайлоо бүткөндөн кийин ар кандай сөздөрдү чыгарбай эле өтсөк өттүк, өтпөсөк өз ишибизди улантып келе беребиз. Эгерде элде маалымат жок болсо же сиздер билбесеңиздер такыр бир иши жок деп айтууга туура келбейт. Себеп дегенде биз жерлерди кыдырабыз, балдарды окутууда, элдин аң-сезимин жогорулатууда салым кошуп келебиз. Жыл сайын балдарыбызга саясий сабаттуулукту, чоң саясатка барбасак дагы кадрларды даярдап келебиз", - деди.
Аида Касымалиева "Кыргызстан" партиясынан талапкер Асель Атабековадан гимнди ырдап берүүнү суранды.
Атабекова гимндин биринчи 4 сабын ырдап берди.
Аида Касымалиева "Социал-демократтар" партиясынан талапкер Айчүрөк Камаевага "Сиздер эч кандай программаны айтпастан эле, сын гана айтып жатасыздар, бирок бир дагы жолу мындай конкреттүү сунуштарды айткан жоксуздар..." деп кайрылды.

Айчүрөк Камаева: "Биздин конкреттүү түрдө сунуштар программабызда берилген. Мен кыскача токтолуп кетейин, биз бүгүнкү күндө парламенттин күчүн көбөйтүп, ал эми президенттин ыйгарым укуктарын кыскартуу менен биргеликте күчтүү парламентти түзөбүз деп бара жатабыз. Эгерде биз өтүп кете турган болсок, биздин программада көрсөтүлгөн тармактар боюнча иштердин баарын тең этап-этабы менен аткарабыз", - деди.
"Республика" партиясынан талапкер Алтынай Өмүрбекованын мөөнөтү аз калгандыгына байланыштуу "Биримдик" партиясынан талапкер Аида Касымалиевага гана суроо узатты.

Биринчи суроо: "Дүйнө жүзү азыркы учурда пандемиянын экинчи толкуну болот деп даярданып жатышат. Сиздердин партиянын тизмесинде бир канча жооптуу мамлекеттик кызматкерлер бар. Ошол эле вице-премьер, социалдык өнүктүрүү министри, анын орун басары бүгүнкү күнү пандемияга даярданбай шайлоо менен алышып жүрөт. Сиздин оюңузча, бул нормалдуубу? Ким даярданып жатат бул убакытта?"

Жооп: "Негизинен мен буга чейин дагы байкагам Аида Исмаилова боюнча экөөңүздөр бир партиядан, бир фракциядан чыгып, вице-премьер-министр болдуңуздар. Бирок ошол башынан эле мамилеңиздер начар. Анан мен ал мамилелерге профессионалдык жактан эмес, аралашкым келбейт да. Анан дагы бир нерсени айткым келет да, менден кийинки вице-премьер жакшы жумушту жасабай койду деген таризде интервьюңузду окуп калдым да. Бул дагы жоопкерчиликтен качуу. Социалдык өнүктүрүү министри, вице-премьер-министр дагы өзү даярдыктарын көрүп жатса керек. Мына азыр шайлоону өткөрүп алабыз деп, анан кийин барышты деп ойлойм. Алар үчүн жооп бере албайм".
Экинчи суроо: "Сиз бүгүн депутат катары ушул төш белгини кармап туруп "Биримдик" партиясы административдик-ресурс колдонгон жок деп айта аласызбы?"

Жооп: "Айта алам. Төш белгимди дагы кармайм, чын жүрөгүмдөн дагы айта алам. Себеби дегенде өнөктүк башталганда эле каралоо башталды. Ал жерде ошол менин айыл өкмөтүмдү ремонт иштерине бөлүнгөн иштерди, анан башка партияга иштеп жаткан директор. Ал боюнча видео дагы бар. Ошол паспортторду эмне себептен чогултуп жатасыз деген сөздөрдөн улам саясий интригага башка партия ошол жерде анын талапкери айлантып жиберди. Ал каралоону туура түшүндүм. Аны Кудайга койдум десем болот. Башка партиялардын айыл өкмөттөрү башка партиялардан талапкер болуп жаткан эң күлкүлүү. Мисалы, мен Өзгөндө көбүрөөк иштейм, айыл өкмөт, аким, ошолордун баары административдик ресурсту колдонсо, башка партияларга колдонуп жатат да. Азыр мына президент дагы "Тең мамиле" деп айтып кетти. Ошол дагы чоң таасирин берип жатат".


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nargiz-sa
2020-09-22 20:17:39
Касымалиева оорунун күчөп турган мезгилинде эл өкүлү болуп турду бирок конкреттүү оор кырдаалдан чыгуу боюнча өкмөткө сунуш бере алышкан жок. Ал эми А. Өмүрбекова ошол кырдаалга даярдыгы жок болгон үчүн шаалакылыгы боюнча жумуштан кеткен, эми бүгүн экөө тең кайра депутаттыкка аттанышты. Кыргыздын эң жоопкерчиликсиз кыздары
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан