"Кыргызстан" партиясынан шайлоого аттанып жаткан Аймамат Назаров талапкерлигинен баш тартуу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"Аймамат Назаров аталган партиянын тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазып кетти. Бул маселе БШКнын жакында өтө турган отурумунда каралат", - деди ал.
Буга чейин Аймамат Назаров үгүт иштеринин тартибин бузганы боюнча БШКга арыз түшкөн. Назаров "Улуттук энергетикалык холдингди" жетектеп, шайлоо алдында кызматын өткөрүп берген. Кийин энергетикалык объектилердин ачылыш аземдерине катышканы телеберүүлөрдөн көрсөтүлгөнү айтылат.