"Кыргызстан" партиясы: "Кен байлыктардан түшкөн киреше - элге!"

Кыргызстанда 255ке жакын алтын кени бар, алардын жалпы запасы 2149 тоннаны түзөт. Алтындын басымдуу бөлүгү бийик тоолуу “Кумтөр” кенинде казылып алынат, ал КМШ мамлекеттеринин ичинен алтын өндүрүү боюнча 3-орунда жана дүйнөдө 22-орунда турат.

Акыркы жылдары, Кыргызстанда алтын казуу жылына 18-20 тоннанын тегерегинде туруктуу кармалып турат, бул өлкөнүн тоо-кен казып алуу көлөмүнүн 90%ын түзүп, экспорттоонун негизги продукциясы болуп саналат.

2019-жылдын 9 айына карата “Кумтөр” кенинде 14 тонна алтын өндүрүлгөн. Башка кендер алтын концентратын гана өндүрөт, аны Доре эритмесине алып келбейт жана чет өлкөлөргө экспорттойт.

Акыркы 8 жылда ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды өндүрүү көлөмү төмөндөп, ошого жараша зер буюмдарын импорттоонун көлөмү кыйла өскөн. Алтынды кайра өндүрүү продукттун баасын бир кыйла көтөрүп, бюджетти салык менен толтуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

"Кыргызстан" партиясы белгилегендей, зергерчиликтин өнүгүшү чет элдик инвесторлорду кызыктырат, анткени алтын, иштетүү чыгымы аз болгон жогорку кирешелүү бизнес. Мындай инвестициялар жаштарды окутууга жана алар үчүн жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Болжол менен биринчи жылы 4 миңге жакын адам, андан кийин 50 миңге чейин адам жумуш менен камсыз болуп, жогорку эмгек акы ала алышат.

"Кыргызстан" партиясы өлкөдө зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт:

- Зергер өндүрүүчүлөргө чийки затты экинчи жактарга кайра сатуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, зергер өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды тоо-кен компанияларынан сатып алуу жана сатуу укугун берүү. Бүгүнкү күндө баалуу металлдарды баштапкы соода жүргүзүүдө өкмөт жана Улуттук банк гана сатып алууга укуктуу. Аффинаждоо (металлдарды башка кошундулардан тазалоо) заводдору сатпаган баалуу металлдар экспорттолот;

- Өлкө аймагында баалуу металлдарды эркин жүгүртүүнү болжолдогон сатуу боюнча биржаларды түзүү. Бүгүнкү күндө мыйзамдарда тендер өткөрүү сыяктуу түшүнүк бар, бирок иш жүзүндө бул эреже аткарылбай жатат;

- Курамында металл камтылган кендерди, концентраттарды, эритмелерди жана тазаланган металлдарды, ошондой эле зергер буюмдарын өндүрүү үчүн арналган концентраттардан, эритмелерден жана аффинаждалган баалуу металлдардан, баалуу жана жарым-жартылай асыл таштардан жасалган зергер буюмдарын жеткирүүдө жана экспорттоодо кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотууну;

- Зергерчилик өндүрүшүн жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон өнөр-жай ишинин жеңилдетилген түрлөрүнүн тизмесине киргизүүнү;

- Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөргө негизги каражаттардын импортун КНСтен бошотуу;

- Банктарга аффинаметаллдардан жасалган монеталар, ошондой эле куймалар, пластиналар, гранулдар) менен банк операцияларын жүргүзүү укугун берүүнү;

- Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөрдү ашыкча текшерүүнү токтотуу жана баалуу металлдардын, баалуу таштардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө тутумун түзүүнү, мыйзамдарга баалуу металлдардын сатып алуу баскычынан баштап, даяр продукцияны чыгарууга жана аларды андан ары сатууга чейинки кыймылын камтыган маалымат базаларына мониторинг жүргүзүү түрүндөгү камералык көзөмөлдүн жаңы формасын киргизүү.

"Кыргызстан" партиясы өлкөнүн жер казынасын иштетүүнүн жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга умтулат. Жер жана анын кен байлыгы - элибиздин менчиги!

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан