"Сын-пикирлерден кийин талапкерлигимди алып салдым". Айтмамат Назаров талапкерлигинен баш тартканы боюнча билдирүү жасады

"Кыргызстан" партиясынан шайлоого аттанып жаткан Аймамат Назаров талапкерлигинен баш тартуу боюнча арыз жазды. Айтамат Назаров эмнеге мындай чечим кабыл алганы боюнча социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Шайлоодон талапкерлигимди алып салууну чечтим. Буга чейин электр энергиясы жок айылдардын бирине электр жарыгын берүү аземине катышуу боюнча мага айтылган сын-пикирлерден кийин ушундай чечим кабыл алдым. Менин Жазы-Кечүү айылына электр энергиясын берүү аземине катышуумду саясий үгүт катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Ошол себептен мен үчүн элге кызмат кылуу - депутаттык мандаттан да баалуу экендигин көрсөтүү үчүн шайлоо жарышынан өз талапкерлигимди алып салдым.
Ишеним мен үчүн чоң мааниге ээ жана бул үчүн биз бардыгыбыз мыйзамдын талаптарын аткарууга үйрөнүшүбүз керек", - деп жазылат Назаровдун билдирүүсүндө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aimani
2020-09-22 13:05:43
Дастан Жумабеков дагы ушинтип арыз жазып койсо болмок да
+9
Chex
2020-09-22 15:07:00
Жакшы
+3
-ali
2020-09-22 20:14:02
Эркек екесин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан