КТРКда болгон теледебатта "Биримдик" партиясынан талапкер Аида Касымалиева «Биримдик» демократиялык социализм партиясы социалдык маселелерге, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагына өзгөчө көӊүл бурат", - деп белгиледи.
Анын айтымында, ар бир адамдын саламаттыгы - бүтүндөй улуттун бакубатчылыгынын өбөлгөсү.
"Саламаттыкты сактоо системасы да кыйратуучу процесстерге кабылганын коронавирус пандемиясы ачыкка чыгарды. Андыктан жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу маселелери абдан курч турат", - деп белгиледи талапкер.
Ал медицина тармагын санариптештирүү туурасында айтып жатып, сөздөн ишке өтүүгө жана конкреттүү пландарды ишке ашырууга мезгил жетти деди. Мисалга алсак, дейт Касымалиева, адегенде медиктердин айлык акысын жогорулатуу керек, андан соӊ адамдар онлайн түрүндө медиктердин иш-аракеттерине көз салып турушу үчүн ҮМБ жана медицина мекемелерине инновациялык технологиялар киргизилүүгө тийиш.
Аида Касымалиева санэпидем кызматынын кызматын толугу менен реформалоонун зарылдыгын белгиледи. Андан тышкары, ал өз партиясынын атынан Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын медициналык факультеттеринде бюджеттик орундарды көбөйтүүнү сунуштады.
Анын сөзүнө караганда, партиянын артыкчылыктуу милдеттеринин катарында төмөндөгү милдеттер да турат:
"Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 22-сентябрь, 2020-жыл. Раззаков 4.