“Кыргызстан” партиясынан талапкер Айтмамат Назаров: “Мен үчүн элге кызмат кылуу депутаттык мандаттан кымбат”

"Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айтмамат Назаров парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткандыгы боюнча расмий билдирүү жасады:

"Мен шайлоодон талапкерлигимди алып салууну чечтим. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына мени “Кыргызстан” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча арыз жаздым. Буга чейин электр энергиясы жок айылдардын бирине электр жарыгын берүү аземине катышуу боюнча мага айтылган сын-пикирлерден кийин ушундай чечим кабыл алдым.

Улуттук энергохолдингдин төрагасы катары, мен алдыма өлкөдөгү бардык айылдарга электр энергиясын этап-этабы менен жеткирүү максатын койгом. 21-кылымда электр жарыгысыз жашаган учур болбошу керек деп эсептейм. Менин Жазы-Кечүү айылына электр энергиясын берүү аземине катышуумду саясий агитация катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Ошол себептен мен үчүн элге кызмат кылуу - депутаттык мандаттан да баалуу экендигин көрсөтүү үчүн шайлоо жарышынан өз талапкерлигимди алып салдым. Ишеним мен үчүн чоң мааниге ээ жана бул үчүн биз баардыгыбыз мыйзамдын талаптарын аткарууга үйрөнүшүбүз керек".

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tynar92kg
2020-09-22 18:31:05
Эркек экенсиз...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан