"Биримдик" №1 Кыргызстандыктарды тил майрамы менен куттуктайт!

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата "Биримдик" демократиялык социализм - евразиялык тандоо” партиясы тил майрамын белгилешти. Анда кыргыз тилинин баалуулугу, бай казынасы тууралуу сөз болуп, улуттун калыптанышына эне тилдин тийгизген таасири жөнүндө ой-пикирлери менен бөлүштү.

Ошондой эле “Биримдик” партиясынын тизмесиндеги талапкерлер белгилүү кыргыз акын-жазуучулардын кыргыз тилине арналган чыгармаларын көркөм окушту. Мисалы, Пархат Тулендыбаев Байдылда Сарногоевдин «Эне тили», Марат Нуралиев Тынчтыкбек Нурманбетовдун «Эне тилим», Кызжибек Карабекова Алтынбек Исмаиловдун «Мен - кыргызмын!», Нуржамал Казначиева жана Эмил Жусуповдор Шайлообек Дүйшеевдин «Эне тилин унуткандар», Алаяр Бостонов Абдрасул Токтомушевдин «Эне тил» ырын көркөм окуп беришти.

"Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 22-сентябрь, 2020-жыл. Раззаков 4.

“Биримдик” №1 Кыргызстандыктарды тил майрамы менен куттуктайт!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан