Нурбек Алимбеков: "Биз карапайым жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылабыз"

“Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер 45 жаштагы Нурбек Алимбеков жана партиянын мүчөлөрү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкан жана Папан айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.

“Кыргызстан” партиясынын программасын, платформасын угуу үчүн жаштардан улгайган адамдарга чейин чогулуп, жолугушууга келген талапкерди кол чаап тосуп алышты. Иш-чарада талапкер “Кыргызстан” партиясынын “Эл үчүн” деген программасын жана өзүнүн пландарын элге тааныштырды.

“Биздин партиянын программасында өлкөнү өнүктүрүүнүн конкреттүү багыттары жана жашоо турмушубуздагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору камтылган”, - деди ал.

Иш-чара учурунда талапкер шайлоочулардын көптөгөн суроолоруна жооп берди. Суроолор көбүнчө партиянын программасы, аны ишке ашыруу жөнүндө болду.

Айылдын эли шайлоонун таза өтүшүнө кызыкдар экенин билдиришип, илимдүү, билимдүү жана таза адамдар парламентке келишине кызыктар экенин жашырышкан жок. Андан сырткары жергиликтүү калк аймактагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири болгон жол оңдоо, мектеп куруу жана таза суу көйгөйлөрүн айтышты.
Өз убагында талапкер айыл элинин көтөргөн маселелерине кайдыгер эместигин баса белгилеп, шайлоо өнөктүгүнөн кийин бул маселелерди чечип берүүнү убадалады.

“Мен силердин маселеңерди жакшы билем. Таза суу чыгаруу маселесин тез арада чечип, жолдор оңдолуш керек. Мындан сырткары айыл-чарба өндүрүштөрүн кеңейтип, жөнөкөй фермерлерге колдоо көрсөтүп, карапайым жарандарды иш орундары менен камсыз кылалы деген пландарыбыз бар. Ата мекендик экспортту көбөйтөбүз. Мени жакшы тааныйсыздар. Куру убадаларды эч качан берген эмесмин. Ошондуктан бизди колдогула!” - деп билдирди ал.

Жолугушуунун соңунда жергиликтүү эл талапкерге ишеничин билдиришти. Ак сакалдар Алимбековго ак жол каалап, “Кыргызстан” партиясына жеңиш каалашты.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан