"Биримдик" №1. Талапкер Нургазы Нишанов: "Сыртта жүргѳн мекендештерибиз ѳз мекенине келип жашап, иштеши керек!"

Бул тууралуу "Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нургазы Нишанов Жалал-Абад шаарынын Достук аймагынын тургундары менен жолугушууда айтты.

"Биз эң ириде элибиздин турмуш деңгээлин жогорулатышыбыз керек. Бул мамлекеттин эң башкы приоритеттүү маселеси болушу зарыл. Ал үчүн жумушчу орундары керек, жумушчу орундарын түзүү үчүн ѳндүрүштү ѳнүктүрүп, жумушчу орундарын берүүчү завод, фабрикалардын курулуусуна жетишүүгѳ тийишпиз. Жүздѳгѳн, миңдеген жарандарыбыз жумушсуз жүргѳндѳ, элдин турмуш шарттарын жакшыртуу мүмкүн эмес. Россияда ж.б. чет жерлерде иштеп жүрүшкѳн мекендештерибиз ѳз мекенине келип иштеп, үй-бүлѳлѳрүнүн жанында болууга шарт түзүп беришибиз кажет", - деди талапкер.

Андан ары сѳзүн улаган талапкер бул максатка жетишүү үчүн кризистен чыгарып, ишкерликти, бизнести колдоого багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгын айтты. Мамлекет тарабынан мыйзамдык негизде ишкер субъекттерине колдоо кѳрсѳтүлүп, алардын жумуш орундары үчүн шарттар түзүлүшү зарыл. Жумушчу орундарын түзѳ турган инвестициялык, МЖѲ долбоорлорун ишке ашыруу да мезгилдин талабы болуп турат.

Талапкер баса белгилеп ѳткѳндѳй, партиянын программасында бул багыттагы, тагыраагы, ишкерлер, инвесторлор, бизнестин мамлекет тарабынан жѳнгѳ салынуусу боюнча конкреттүү иштердин аткарылары кѳрсѳтүлгѳн. Атап айтсак, программага ылайык, ишкерлерди колдоо үчүн экономикалык кылмыштар декриминалдаштырылат, стратегиялык инвесторлордун коопсуздугун камсыз кылуу күчѳтүлүп, талаштарды соттук эмес тартипте чечүүнүн эффективдүү механизмдери киргизилет, МЖѲ долбоорлору ишке ашыруунун тартиптери жѳнѳкѳйлѳштүрүлѳт, санариптик технологияларды киргизүү аркылуу бизнести текшерүүлѳрдүн саны кыскартылат. Мунун баары "Биримдик" партиясынын программасында камтылган.

Жолугушуунун аягында талапкер Нургазы Нишанов Достук аймагындагы шайлоочуларга кайрылып, шайлоого кайдыгер карабай, татыктууларга добуш берүүгѳ чакырып кетти.

"Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 23-сентябрь, 2020-жыл. Раззаков 4.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан