"Кыргыз мамлекети 100дөн ашык уюмга мүчө, алар менен болгон катыштын натыйжалуулугун кандай баалайсыз?". Айым талапкерлердин теледебаты

Бүгүн, 23-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өтүп жатат. “Мекенчил" - Жылдызкан Жолдошева; "Ордо" - Гүлбарчын Медетбекова; "Ата-Мекен" - Эльвира Сурабалдиева; "Замандаш" - Гүлнара Дегенбаева; "Бир бол" - Зарина Чекирбаева.

Суроо: Кыргыз мамлекети 100дөн ашык уюмга мүчө, алар менен болгон катнаштардын эффективдүүлүгү боюнча байма-бай айтылып келет. Уюмдарга мүчө болуунун натыйжалуулугун кандай баалайсыздар жана эффективдүүлүгүн кантип арттырууга болот?

"Мекенчил" партиясы Жылдызкан Жолдошева: "Биздин Эгемендүү өлкөбүзгө абдан жакшы жагдайлар, ушундай шарттар түзүлгөн эле. Бирок ачыгын айтыш керек, биз ошол берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланган жокпуз.

Себеби эл аралык уюмдарга биздин өлкөнүн өкүлдөрүнөн кимиси барбасын өзүнүн укугун, Кыргыз өлкөсүнүн укугун ошол жерде жакшылап коргой албайт. Албетте, кайсы уюм болбосун, ага мүчө болуу керектүү нерсе. Бирок ал жакта Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын көздөй билиш керек эле. Аны мен көргөн жокмун, керек болсо ОДКБ Ош окуясында эмне кылды? Миңдеген жарандарыбыз каза болду. Бир дагы маселе чечилген жок".

"Ата-Мекен" партиясы Эльвира Сурабалдиева: "Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы негизги приоритеттүү мамлекет катары Орусия, Казакстан, Кытайды алып жатабыз. Ошол мамлекеттер менен биздеги толук кандуу катыш болуп жатат. Ошонун ичинде саясат дагы, экономика дагы камтылып жатат. Азыркы учурдагы бар уюмдар менен мамилебизди түзүп алсак, коррупциядан алыс болсок, биздин мамлекетке көбүрөөк пайдасы тиймек деп ойлойм .

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун оюна мен да кошулам. Анткени башында деле бүт бардык мамлекеттерге пандемия боюнча сунуш келип, төрт айдын ичинде бул сунуштар бир нече жолу өзгөрүп, бизди дагы, мамлекетти дагы, Европа өлкөлөрүн дагы кыйнады. Бир топ ызы-чуулар дагы ошондон болду. Эң биринчи артыкчылык биздин мамлекет үчүн экономика биринчи болушу керек деп ойлойм".

"Бир бол" партиясы Зарина Чекирбаева: "1991-жылдан баштап Кыргыз өлкөсү 100дөн ашуун уюмдарга мүчө болуп келди. Аны менен бирге көп мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай жатабыз. Мисалы, 2015-жылы Евразиялык экономикалык биримдикке шашып кирүү бул саясий чечим болгон. Кыргызстан өлкө катары бул уюмга кирүүгө даяр эмес болчу.

Бул чечимди биз экономиканын сапатын, көлөмүн эске албаган чечим деп эсептейбиз. Анткени Москвага барсак деле ошол эле Армения, Казакстан кирген уюмдан жакшы жыйынтык көрүп жатышат. Тилекке каршы, көп жерден Кыргыз өлкөсү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай калып жатат".

"Замандаш" партиясы Гүлнара Дегенбаева: "Эл аралык жаңылануу болушу керек. Кыргыз мамлекети азыркы учурда чоң сыноодо турат. Кадрлык кризис абдан тоскоолдук кылат. Эл аралык кандай багытта жаңыланыш керек. Билимибиз да жетишпей жатат.

Биз иштешели деп жатсак, коррупцияга тутулуп калып жатабыз. Мунун чыгуу жолун табышыбыз керек. Коррупциядан кутулсак, жаштарды алдыга жылдырсак, байланыштар да, жакшы нерселер да болот. Парламентке бара тургандардан биздин арабызда көп кишилер бар".

"Ордо" партиясы Гүлбарчын Медетбекова: "Албетте, Кыргыз өлкөсү эл аралык уюмдарга мүчө болуунун алкагында көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ боло алат. Бирок өлкөдө көп каражаттар максатсыз пайдаланып жатат. Анын эсебинен кыргыздар эл аралык уюмдардын арасында экономикалык деңгээлин көтөрө албай жатат.

Элементардуу эле нерсени айта кетейин, бизде лабораториялар иштебейт, дыйкандар азык-түлүктөрүн өткөрө албайт. Булардын баары азыр жүрүп жаткан саясаттын кесепети. Биз Америка же Европа деп сүйлөй бербей кошуна мамлекеттер менен иш алып барышыбыз керек".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан