Теледебатта айым талапкерлер бири-бирине суроо беришти

Бүгүн, 23-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты өтүп жатат. “Мекенчил" - Жылдызкан Жолдошева; "Ордо" - Гүлбарчын Медетбекова; "Ата-Мекен" - Эльвира Сурабалдиева; "Замандаш" - Гүлнара Дегенбаева; "Бир бол" - Зарина Чекирбаева.

"Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Эльвира Сурабалдиеванын "Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаевага берген суроосу: "Жакында эле "Замандаш" ассоциациясынын өкүлдөрү алар жасаган иштерди жана мыкты демилгелерди "Замандаш" партиясынын лидери өзүнө ыйгарып алганын айтып чыгышты. Мындай манипуляцияларга жол берилгени чынбы?

Жооп: "Биз аны териштирдик. Бул фейк маалымат болуп чыкты. Андай кептер болгон эмес".
"Бир бол" партиясынын талапкери Зарина Чекирбаевага суроо: "Президенттик институт өз ыйгарым укуктарынан ашпай, кландык башкарууга жол бербеши үчүн сиздер тараптан кандай кадамдар болот?"
Жооп: "Бул боюнча биздин программада жазылган. Биздин мамлекет парламенттик өлкө болгондон кийин өкмөт башчынын укуктары көбүрөөк болушу шарт. Азыркы учурда президенттин укуктары көбүрөөк. Андыктан парламент өкмөт башчыдан жасаган иштери боюнча отчётту керектүү деңгээлде ала албайт. Мисалы, акыркы эле 29 жылда биз 32 өкмөт башчыны алмаштырдык. Бул жакшы көрсөткүч эмес. Жетекчилик кызматка келген адам өзүнө тиешелүү жумушту чала жасап кетет. Ошол эле учурда бул үчүн эч кандай жоопкерчиликти албайт. Алсак, пандемия учурунда өкмөт башчы жөн гана отставкага кетип калды. Ошондуктан биз парламентти президенттик аппаратка караганда күчтүү болушу керек деп эсептейбиз".

"Мекенчил" партиясынын талапкери Жылдызкан Жолдошевага берилген суроо: "Сиз үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшүү жолдорун айтып бере аласызбы? Сиздердин программада ошол маселе барбы?"

Жооп: "Үй-бүлөлүк зомбулук бул кийинки учурда трагедияга айланып кетти. Бирок бул көйгөйдү чечсе болот. Ал үчүн КТРК эл үчүн иштеши керек. Себеби теле тармагы күчтүү социалдык таасир берет. Казакстан менен Өзбекстан бул жаатта абдан жакшы иштеп жатат. Биздин программада бар. Үй-бүлө бул мамлекеттин фундаменти".

"Ордо" партиясынын талапкери Гүлбарчын Медетбековага суроо: "Сиздердин программада 2040-жылы экологиялык жактан эң таза мамлекет болобуз деп жазылыптыр. Ошондо сиздер үй-бүлөдөгү унаанын санын кыскартасыздарбы же ЖЭБди (жылуулук электр борбору) жоёсуздарбы?"

Жооп: "Экологиялык мамлекетти түзөбүз дегенибиз, экологиялык жакты гана камтыбайбыз. Себеби анын алкагында токой-чарбасын дагы өнүктүрөбүз. Экологиялык маселеге жеп жаткан тамак-ашыбыз тууралуу да жазып, камтып кеткенбиз. Анткени учурда биз азык-түлүктөрдүн кайсы жактардан келип жатканын жана буга байланыштуу эмне менен азыктанып жатканыбызды билбейбиз. Андыктан өзүбүздөн чыккан продукцияларды өндүрүү менен элибизди экологиялык жактан таза азыктар менен камсыз кылабыз".
"Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Гүлнара Дегенбаеванын "Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Эльвира Сурабалдиевага берген суроосу:

"Сиздердин программаңыздар боюнча турак-жай жаатында чоң жетишкендиктерге байланыштуу суроолорду көтөрүп чыктыңыздар. Бирок кандайдыр бир себептерден улам жетим балдарды турак-жай менен камсыз кылуу боюнча азыркыга чейин эч нерсе аткарган жоксуңар. Кыргыз Республикасынын Конституциясында балдар жөнүндө кодексинин биринчи-сегизинчи пункттарында толугу менен балдар үйлөрү жана турак-жайга арналган. Тилекке каршы, 19, 20 жылдан бери бул маселе чечиле элек. Эмне үчүн жетим балдар үчүн турак-жай маселесин ушул убакка чейин чечпедиңер?".

Жооп: "Биринчиден, жетим балдар үчүн үй куруу маселесин биз дайым көтөрүп келгенбиз. "Ата-Мекен" партиясы коалицияда катышпагандыктан бул маселе каралган эмес. Биздин программада дагы бул иш боюнча каралган. Мен бул маселени чечерибизге ишенем".
"Бир Бол" саясий партиясынын талапкери Зарина Чекирбаеванын "Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаевага берген суроосу:
"Сиздердин программада мамлекеттик ипотеканы 6 пайыздан 2 пайызга түшүрүү тууралуу жазылган экен. Каражатты кайсы булактар аркылуу табасыздар?"
Жооп: "Кыргыз өлкөсүндө өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Кыргыз өлкөсүнүн дагы каражаттары бар. Анын баарын иреттеп, ордуна келтирип туруп, ипотекага керектүү каражатты чыгарып беребиз".
"Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаеванын "Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Зарина Чекирбаевага берген суроосу:
"Сиздердин программаңыздарда бардык мектептерди канализация жана ысык суу менен камсыз кылабыз деп жатасыздар. Сиздерге маалым 653 айылда суу жетишсиз, 390 кыштактарда союз маалындагы эски суу түтүктөрү менен жашап жатышат. Айтсаңыз, айыл жергесине ичкенге суу жетпей жатса силер кантип мектептерди ысык суу менен камсыздайсыздар?"

Жооп: "Бул боюнча бизде абдан ийгиликтүү долбоорлор иштелип чыккан. Айрыкча түштүк региондо, "таза суу" долбоору аркылуу айрым кредиттер аркылуу биз Ош облусундагы айыл аймакты таза суу менен камсыз кыла ала турган. Долбоор абдан ийгиликтүү - Азия Өнүктүрүү Банкын жеңип алган Siaysi компаниясы менен биргеликте буга чейин ушул маселе менен алектенип келгенбиз. Биздин арабызда бул көйгөйлөрдү чечүүгө ийгиликтүү жана тажрыйбалуу талапкерлерибиз бар".

Зарина Чекирбаеванын "Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаевага берген 2-суроосу:

"Силердин лидерлер мигранттарга шарттарды түзүп берүү тууралуу айтып келишет. Эгерде аларга карата шарттарды Кыргыз өлкөсүнөн тышкары түзө берсек, мигранттарды экспорттогон өлкө болууга түрткү болот. Эмнеге эмгек мигранттарын өлкөгө тартып келүү жөнүндө программаңыздарда жазылган эмес?"
Жооп: "Биздин программада эмгек мигранттарын мекенине кайтаруу тууралуу жазылган. Себеби алардын балдары, ата-энелери бул жакта. Бул маселени биз чечебиз. Бирок чет мамлекетте калып, жашап жаткан мигранттардын баарын дароо алып келе албайбыз. Ошондуктан биз андай мекендештерибизге өз укуктары менен жашаганга шарт түзүп беребиз".
"Ордо" партиясынын талапкери Гүлбарчын Медетбековага суроо: "Сиздердин партия өлкөнүн билим берүү системин кантип реформалайт?"
Жооп: "Биздин партия билим берүү тармагына чоң көңүл бурат. Пандемияда берилген суроолор билим берүү тармагына барып такалууда. Алсак, чет жактагы окуу жайларда билим алуу үчүн мамлекеттин квоталары бар. Анын баарына мораторий жарыялап, медиктерибизди чет өлкөгө окууга жөнөтүшүбүз керек. Андан тышкары Жалпы республикалык тестирлөөнү жоюшубуз керек. Анын ордуна өзүбүздүн улуттук базабызды түзүү зарыл".

"Мекенчил" партиясынын талапкери Жылдызкан Жолдошевага суроо:

"Кичи жана орто бизнестин өнүгүшү үчүн кандай кадамдарды жасайсыздар?"
Жооп: "Биздин өлкөдө орто жана кичи бизнестерге шарт түзүлгөн эмес. Аларга берилген насыянын пайызы аз болсо, чакан ишканалар көп ачылат эле. Биздин партия чакан ишканаларды ачуу боюнча маселени программага киргизген. Анткени аймактарда айыл-чарба продукциялары жакшы чыгып жатат. Бирок аларды башка өлкөлөргө жөнөтө алышпайт. Казакстандын чек арасынан өтө албай чирип калган учурлар кездешет. андыктан биз бул маселеге орчундуу мамиле жасайбыз".

"Ордо" партиясынан депутаттыкка талапкер Гүлбарчын Медетбекованын жалпы партия өкүлдөрүнө берген суроосу:

"Бизде азыр шайлоо убагы болуп жатат. Форма-2 менен элди башка жакка чыгарып кетти деген маалыматтар айтылууда. Бул боюнча сиздердин партияларыңардын позициялары кандай?

“Мекенчил" - Жылдызкан Жолдошеванын жообу:

"Биз форма-2 документин бир да жолу колдонгон жокпуз. Бул форма-2 кагазын бийликтин жана миллионердин партиясы колдонду".

"Ата-Мекен" - Эльвира Сурабалдиеванын жообу:

"Форма-2 боюнча жеке мен дагы буга каршы чыгам. Анткени элдерди шаардан айылдарга, айылдардан шаарга ташыган бул бир эле маселе да. Эгерде партиялардын ортосунда атаандаштыкта ошол добуштарды көбөйтүү маселеси бул туура эмес".

"Бир бол" партиясынан Зарина Чекирбаеванын жообу:

"Тилекке каршы, бул жакта бийликтин партиялары жок экен. Бул суроо бийликтин партияларына берилиши керек болчу. Негизи так айта турган болсок 442 миң форма-2 колдонулуптур, Нарфн шаарына эле 1000 киши форма-2 менен киргизилиптир, бул жаңы маалымат. Биздин лидерлер кечээ бул боюнча каршы пикирин айтып кетишкен".

"Замандаш" партиясынан Гүлнара Дегенбаеванын жообу:

"Эгер ушундай калп менен келе турган болсо калптын казаны кайнабайт дейт. Сөзсүз бул нерсе жакшылык менен бүтпөйт".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nargiz-sa
2020-09-24 08:31:36
Ата мекен форма 2ни толтуруп эле жатышты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан