Айым талапкерлердин теледебаты өттү. Алар бюджетти үнөмдөө, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу суроолорго жооп беришти (видео)

23-сентябрда айым талапкерлердин теледебаты болуп өттү. “Мекенчил" - Жылдызкан Жолдошева; "Ордо" - Гүлбарчын Медетбекова; "Ата-Мекен" - Эльвира Сурабалдиева; "Замандаш" - Гүлнара Дегенбаева; "Бир бол" - Зарина Чекирбаева.

1-суроо: Кыргыз мамлекети 100дөн ашык уюмга мүчө, алар менен болгон катнаштардын эффективдүүлүгү боюнча байма-бай айтылып келет. Уюмдарга мүчө болуунун натыйжалуулугун кандай баалайсыздар жана эффективдүүлүгүн кантип арттырууга болот?

"Мекенчил" партиясы Жылдызкан Жолдошева: "Биздин эгемендүү өлкөбүзгө абдан жакшы жагдайлар, ушундай шарттар түзүлгөн эле. Бирок ачыгын айтыш керек, биз ошол берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланган жокпуз.

Себеби эл аралык уюмдарга биздин өлкөнүн өкүлдөрүнөн кимиси барбасын өзүнүн укугун, Кыргыз өлкөсүнүн укугун ошол жерде жакшылап коргой албайт. Албетте, кайсы уюм болбосун, ага мүчө болуу керектүү нерсе. Бирок ал жакта Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын көздөй билиш керек эле. Аны мен көргөн жокмун, керек болсо ОДКБ Ош окуясында эмне кылды? Миңдеген жарандарыбыз каза болду. Бир дагы маселе чечилген жок".

"Ата-Мекен" партиясы Эльвира Сурабалдиева: "Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы негизги приоритеттүү мамлекет катары Орусия, Казакстан, Кытайды алып жатабыз. Ошол мамлекеттер менен биздеги толук кандуу катыш болуп жатат. Ошонун ичинде саясат дагы, экономика дагы камтылып жатат. Азыркы учурдагы бар уюмдар менен мамилебизди түзүп алсак, коррупциядан алыс болсок, биздин мамлекетке көбүрөөк пайдасы тиймек деп ойлойм .

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун оюна мен да кошулам. Анткени башында деле бардык мамлекеттерге пандемия боюнча сунуш келип, төрт айдын ичинде бул сунуштар бир нече жолу өзгөрүп, бизди дагы, мамлекетти дагы, Европа өлкөлөрүн дагы кыйнады. Бир топ ызы-чуулар дагы ошондон болду. Эң биринчи артыкчылык биздин мамлекет үчүн экономика биринчи болушу керек деп ойлойм".

"Бир бол" партиясы Зарина Чекирбаева: "1991-жылдан баштап Кыргыз өлкөсү 100дөн ашуун уюмдарга мүчө болуп келди. Аны менен бирге көп мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албай жатабыз. Мисалы, 2015-жылы Евразиялык экономикалык биримдикке шашып кирүү бул саясий чечим болгон. Кыргызстан өлкө катары бул уюмга кирүүгө даяр эмес болчу.

Бул чечимди биз экономиканын сапатын, көлөмүн эске албаган чечим деп эсептейбиз. Анткени Москвага барсак деле ошол эле Армения, Казакстан кирген уюмдан жакшы жыйынтык көрүп жатышат. Тилекке каршы, көп жерден Кыргыз өлкөсү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай калып жатат".

"Замандаш" партиясы Гүлнара Дегенбаева: "Эл аралык жаңылануу болушу керек. Кыргыз мамлекети азыркы учурда чоң сыноодо турат. Кадрлык кризис абдан тоскоолдук кылат. Эл аралык кандай багытта жаңыланыш керек. Билимибиз да жетишпей жатат.

Биз иштешели деп жатсак, коррупцияга тутулуп калып жатабыз. Мунун чыгуу жолун табышыбыз керек. Коррупциядан кутулсак, жаштарды алдыга жылдырсак, байланыштар да, жакшы нерселер да болот. Парламентке бара тургандардан биздин арабызда көп кишилер бар".

"Ордо" партиясы Гүлбарчын Медетбекова: "Албетте, Кыргыз өлкөсү эл аралык уюмдарга мүчө болуунун алкагында көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ боло алат. Бирок өлкөдө көп каражаттар максатсыз пайдаланып жатат. Анын эсебинен кыргыздар эл аралык уюмдардын арасында экономикалык деңгээлин көтөрө албай жатат.

Элементардуу эле нерсени айта кетейин, бизде лабораториялар иштебейт, дыйкандар азык-түлүктөрүн өткөрө албайт. Булардын баары азыр жүрүп жаткан саясаттын кесепети. Биз Америка же Европа деп сүйлөй бербей, кошуна мамлекеттер менен иш алып барышыбыз керек".

2-суроо: "Өлкөнүн бюджеттик саясаты кандай болуш керек, бюджеттик каражаттарды биз кантип туура башкара алабыз? Жалпы эле бул боюнча кандай сунуштарды бересиздер жана сиздердин конкреттүү кадамыңыздар кандай?"

Жылдызкан Жолдошева:

"Айыл чарба министрлигинде бүтүндөй бир армия отуруп алып, бир гана статистика менен алек. Бизде гектар-гектар жерлер иштетилбей калган. Таза суу жана сугат суулары боюнча дагы маселе чечиле элек. Мамлекеттик деңгээлдеги бюджеттик маселени чечүү үчүн жумуш орундарын түзүү керек. Экинчиден, эл бийликтен аткезчилик иштерин токтотууну талап кылышы керек. Аткезчиликти өз ордуна коё алышса, бюджет 2,3 же 5 эсе көбөймөк. Тилекке каршы, бул маселе менен эч ким күрөшпөй жатат".
Гүлбарчын Медетбекова:
"Бизде бюджет азыркы учурда 30 пайыз дефицит менен кабыл алынып, 132 миллиард сомду түзөт. Пандемия республикалык бюджеттин абалын көрсөтүп койду. Биз мугалимдерге, дарыгерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине эмгек акыларын үзгүлтүксүз төлөп беришибиз керек. Июнь айында пенсия, жөлөк пул берилбей калышы мүмкүн экендиги айтылды. Ошондуктан азыркы учурда биздин бюджеттин так суммасын ким айтып берет. Андан тышкары биздин бюджетти көбөйтүү үчүн салык саясатын толук карап чыгыш керек. Көмүскө экономиканы көзөмөлгө алуу керек, бирок бизде көзөмөл жок".
Эльвира Сурабалдиева:
"Бюджет жөнүндө сөз болгондо, айрыкча ар кайсы партиялар бюджеттин кыскарышы менен ар кандай программаларды сунушташканда эч ким анын чечимин сунуштабайт. Тактап айтканда, биздин партия сунуштайт, айталы, бүгүнкү күндө бардыгы 800 миллион парламенттик чыгым жөнүндө сүйлөшүп жатышат, ал эми президенттик администрацияга кеткен чыгым бир жарым миллиарддан эки эсе көп экенин эч ким билбейт. Эмне үчүн биздин мамлекеттик кызматкерлердин санын 30 пайызга кыскартуу боюнча бөлүктү кыскартып, экстремалдык органдар менен пандемия учурунда жетиштүү көңүл бурулбаган дарыгерлердин жана мугалимдердин айлык акыларын жогорулатууга барышыбыз керек? Биз региондорду кыскартуунун административдик-аймактык формасын пландап жатабыз, эгерде бул туура мамиле болсо, бүгүнкү күндө губернатор эч кандай функцияны аткарбайт. Биз үгүт иши менен Кербенге барганыбызда элдин бийликке нааразычылыгын уктук. Муниципалдык кызматкерлер өздөрү, акимчиликтер, айыл өкмөттөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары токтоп калсын деп тургундардын өзүлөрүнөн кызмат кылып жатышты, институттан губернаторлукту сурайбыз, буга акча үнөмдөп берсе болот. Биз бир жерде жарым миллиард сомдун тегерегинде эсептейбиз".
Зарина Чекирбаева: "Бул көп жерден эле суралган суроо. Эми муну комплекстүү чечүү керек. Мисалы, жылына бажы тарабынан 5 жүз миллион сом жок болуп кетип жатат. Ошондой эле коррупция бүт жерде бар. Аны пандемия учурунда баарыбыз көрдүк. Аны чечүүгө саясий эрк керек, тазалаш керек. Бул албетте, абдан тапташып калган система. Биздин партия тажрыйбалуу, жаш, жаратман команда. Бизде ишкерликти таза алып кетип жаткан талапкерлер бар. Эрк болбосо мындай жумуштарды жасоо мүмкүн эмес".
Гүлнара Дегенбаева:
"Бюджетти үнөмдөө үчүн бардык мамлекеттик балдар үйлөрү жабылган. Азыр балдар пандемия учурунда көчөдө жүрүшөт, аны эч ким билбейт. Айыл чарба биздин эң чоң кирешебиз. Ооба, сиз өзүңүз түшүнүп турасыз. Акчанын кандайча жана кайда жумшалгандыгын жана акчаны кандайча жумшаш керектигин оптималдаштырат жана туура приоритет берет. Акчаны кайда жумшасак жакшы болот? Башкача айтканда, бул акчаны көзөмөлдөө дагы абдан маанилүү, бюджеттеги акчага көзөмөл жок болгондуктан биз азыр ушундай абалдабыз".
Теледебатта айым талапкерлер бири-бирине суроо беришти.

"Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Эльвира Сурабалдиеванын "Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаевага берген суроосу: "Жакында эле "Замандаш" ассоциациясынын өкүлдөрү алар жасаган иштерди жана мыкты демилгелерди "Замандаш" партиясынын лидери өзүнө ыйгарып алганын айтып чыгышты. Мындай манипуляцияларга жол берилгени чынбы?".

Жооп: "Биз аны териштирдик. Бул фейк маалымат болуп чыкты. Андай кептер болгон эмес".
"Бир бол" партиясынын талапкери Зарина Чекирбаевага суроо: "Президенттик институт өз ыйгарым укуктарынан ашпай, кландык башкарууга жол бербеши үчүн сиздер тараптан кандай кадамдар болот?".
Жооп: "Бул боюнча биздин программада жазылган. Биздин мамлекет парламенттик өлкө болгондон кийин өкмөт башчынын укуктары көбүрөөк болушу шарт. Азыркы учурда президенттин укуктары көбүрөөк. Андыктан парламент өкмөт башчыдан жасаган иштери боюнча отчётту керектүү деңгээлде ала албайт. Мисалы, акыркы эле 29 жылда биз 32 өкмөт башчыны алмаштырдык. Бул жакшы көрсөткүч эмес. Жетекчилик кызматка келген адам өзүнө тиешелүү жумушту чала жасап кетет. Ошол эле учурда бул үчүн эч кандай жоопкерчиликти албайт. Алсак, пандемия учурунда өкмөт башчы жөн гана отставкага кетип калды. Ошондуктан биз парламентти президенттик аппаратка караганда күчтүү болушу керек деп эсептейбиз".

"Мекенчил" партиясынын талапкери Жылдызкан Жолдошевага берилген суроо: "Сиз үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшүү жолдорун айтып бере аласызбы? Сиздердин программада ошол маселе барбы?"

Жооп: "Үй-бүлөлүк зомбулук бул кийинки учурда трагедияга айланып кетти. Бирок бул көйгөйдү чечсе болот. Ал үчүн КТРК эл үчүн иштеши керек. Себеби теле тармагы күчтүү социалдык таасир берет. Казакстан менен Өзбекстан бул жаатта абдан жакшы иштеп жатат. Биздин программада бар. Үй-бүлө бул мамлекеттин фундаменти".

"Ордо" партиясынын талапкери Гүлбарчын Медетбековага суроо: "Сиздердин программада 2040-жылы экологиялык жактан эң таза мамлекет болобуз деп жазылыптыр. Ошондо сиздер үй-бүлөдөгү унаанын санын кыскартасыздарбы же ЖЭБди (Жылуулук электр борбору) жоёсуздарбы?".

Жооп: "Экологиялык мамлекетти түзөбүз дегенибиз, экологиялык жакты гана камтыбайбыз. Себеби анын алкагында токой-чарбасын дагы өнүктүрөбүз. Экологиялык маселеге жеп жаткан тамак-ашыбыз тууралуу да жазып, камтып кеткенбиз. Анткени учурда биз азык-түлүктөрдүн кайсы жактардан келип жатканын жана буга байланыштуу эмне менен азыктанып жатканыбызды билбейбиз. Андыктан өзүбүздөн чыккан продукцияларды өндүрүү менен элибизди экологиялык жактан таза азыктар менен камсыз кылабыз".
"Замандаш" партиясынан депутаттыкка талапкер Гүлнара Дегенбаеванын "Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Эльвира Сурабалдиевага берген суроосу:

"Сиздердин программаңыздар боюнча турак жай жаатында чоң жетишкендиктерге байланыштуу суроолорду көтөрүп чыктыңыздар. Бирок кандайдыр бир себептерден улам жетим балдарды турак жай менен камсыз кылуу боюнча азыркыга чейин эч нерсе аткарган жоксуңар. Кыргыз Республикасынын Конституциясында балдар жөнүндө кодексинин биринчи-сегизинчи пункттарында толугу менен балдар үйлөрү жана турак жайга арналган. Тилекке каршы, 19, 20 жылдан бери бул маселе чечиле элек. Эмне үчүн жетим балдар үчүн турак жай маселесин ушул убакка чейин чечпедиңер?".

Жооп: "Биринчиден, жетим балдар үчүн үй куруу маселесин биз дайым көтөрүп келгенбиз. "Ата-Мекен" партиясы коалицияда катышпагандыктан бул маселе каралган эмес. Биздин программада дагы бул иш боюнча каралган. Мен бул маселени чечерибизге ишенем".
"Бир Бол" саясий партиясынын талапкери Зарина Чекирбаеванын "Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаевага берген суроосу:
"Сиздердин программада мамлекеттик ипотеканы 6 пайыздан 2 пайызга түшүрүү тууралуу жазылган экен. Каражатты кайсы булактар аркылуу табасыздар?".
Жооп: "Кыргыз өлкөсүндө өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Кыргыз өлкөсүнүн дагы каражаттары бар. Анын баарын иреттеп, ордуна келтирип туруп, ипотекага керектүү каражатты чыгарып беребиз".
"Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаеванын "Бир Бол" партиясынан депутаттыкка талапкер Зарина Чекирбаевага берген суроосу:
"Сиздердин программаңыздарда бардык мектептерди канализация жана ысык суу менен камсыз кылабыз деп жатасыздар. Сиздерге маалым болгондой, 653 айылда суу жетишсиз, 390 кыштак союз маалындагы эски суу түтүктөрү менен жашап жатышат. Айтсаңыз, айыл жергесине ичкенге суу жетпей жатса, силер кантип мектептерди ысык суу менен камсыздайсыздар?".

Жооп: "Бул боюнча бизде абдан ийгиликтүү долбоорлор иштелип чыккан. Айрыкча түштүк региондо "таза суу" долбоору менен айрым насыялар аркылуу Ош облусундагы айыл аймакты таза суу менен камсыз кыла ала турган долбоор. Аталган долбоор абдан ийгиликтүү - Азия өнүктүрүү банкын жеңип алган "Siaysi" компаниясы менен биргеликте буга чейин ушул маселе менен алектенип келгенбиз. Биздин арабызда бул көйгөйлөрдү чечүүгө ийгиликтүү жана тажрыйбалуу талапкерлерибиз бар".

Зарина Чекирбаеванын "Замандаш" партиясынын талапкери Гүлнара Дегенбаевага берген 2-суроосу:

"Силердин лидерлер мигранттарга шарттарды түзүп берүү тууралуу айтып келишет. Эгерде аларга карата шарттарды Кыргыз өлкөсүнөн тышкары түзө берсек, мигранттарды экспорттогон өлкө болууга түрткү болот. Эмнеге эмгек мигранттарын өлкөгө тартып келүү жөнүндө программаңыздарда жазылган эмес?"
Жооп: "Биздин программада эмгек мигранттарын мекенине кайтаруу тууралуу жазылган. Себеби алардын балдары, ата-энелери бул жакта. Бул маселени биз чечебиз. Бирок чет мамлекетте калып, жашап жаткан мигранттардын баарын дароо алып келе албайбыз. Ошондуктан биз мекендештерибизге өз укуктары менен жашаганга шарт түзүп беребиз".
"Ордо" партиясынын талапкери Гүлбарчын Медетбековага суроо: "Сиздердин партия өлкөнүн билим берүү системин кантип реформалайт?"
Жооп: "Биздин партия билим берүү тармагына чоң көңүл бурат. Пандемияда берилген суроолор билим берүү тармагына барып такалууда. Алсак, чет жактагы окуу жайларда билим алуу үчүн мамлекеттин квоталары бар. Анын баарына мораторий жарыялап, медиктерибизди чет өлкөгө окууга жөнөтүшүбүз керек. Андан тышкары Жалпы республикалык тестирлөөнү жоюшубуз керек. Анын ордуна өзүбүздүн улуттук базабызды түзүү зарыл".

"Мекенчил" партиясынын талапкери Жылдызкан Жолдошевага суроо:

"Кичи жана орто бизнестин өнүгүшү үчүн кандай кадамдарды жасайсыздар?"
Жооп: "Биздин өлкөдө орто жана кичи бизнестерге шарт түзүлгөн эмес. Аларга берилген насыянын пайызы аз болсо, чакан ишканалар көп ачылат эле. Биздин партия чакан ишканаларды ачуу боюнча маселени программага киргизген. Анткени аймактарда айыл чарба продукциялары жакшы чыгып жатат. Бирок аларды башка өлкөлөргө жөнөтө алышпайт. Казакстандын чек арасынан өтө албай, чирип калган учурлар кездешет. Андыктан биз бул маселеге орчундуу мамиле жасайбыз".

"Ордо" партиясынан депутаттыкка талапкер Гүлбарчын Медетбекованын жалпы партия өкүлдөрүнө берген суроосу: "Бизде азыр шайлоо убагы болуп жатат. Форма-2 менен элди башка жакка чыгарып кетти деген маалыматтар айтылууда. Бул боюнча сиздердин партияларыңардын позициялары кандай?".

“Мекенчил" - Жылдызкан Жолдошеванын жообу: "Биз форма-2 документин бир да жолу колдонгон жокпуз. Бул форма-2 кагазын бийликтин жана миллионердин партиясы колдонду".
"Ата-Мекен" - Эльвира Сурабалдиеванын жообу: "Форма-2 боюнча жеке мен дагы буга каршы чыгам. Анткени элди шаардан айылдарга, айылдардан шаарга ташыган бул бир эле маселе да. Эгерде партиялардын ортосунда атаандаштыкта ошол добуштарды көбөйтүү маселеси болсо бул туура эмес".
"Бир бол" партиясынан Зарина Чекирбаеванын жообу: "Тилекке каршы, бул жакта бийликтин партиялары жок экен. Бул суроо бийликтин партияларына берилиши керек болчу. Негизи так айта турган болсок, 442 миң форма-2 колдонулуптур, Нарын шаарына эле 1000 киши форма-2 менен киргизилиптир, бул жаңы маалымат. Биздин лидерлер кечээ бул боюнча каршы пикирин айтып кетишкен".
"Замандаш" партиясынан Гүлнара Дегенбаеванын жообу: "Эгер ушундай калп менен келе турган болсо, калптын казаны кайнабайт дейт. Сөзсүз бул нерсе жакшылык менен бүтпөйт".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Saiit
2020-09-24 01:11:06
Айалдарга ким койду Уйдо эле отурда балдарынды тарбиялап сепсендеп кочого чыгып алдынар жургонунор куноо олгондон кийин озунорго эле кыйын
-3
Noon
2020-09-24 09:04:19
Мынча калп айтканды кайдан оздоштурушот дейм да? Тим эле шайлоодон кийин эле жыргап кетчүдөй болуп жатабыз го лапшаларды илип алып.
+2
Noon
2020-09-24 09:04:59
Бирок ичибизден ар бирибиз билебиз булардын корголчо да пайдасы жок экенин.
+3
nazira...
2020-09-24 15:56:52
Noon,корголчо де. Корголду жаксан куйот, кичине болсо да жылытат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан