Базардын биринчи эле өзгөчөлүгү эң чоң унаа токтотуу жайы. Өзгөчө курулуш материалдарын алууда базарлардан ыңгайлуу унааны токтотуучу жай табуу өтө кыйын. Андан кийин тыгын жана алган товарыңа унааны алып баруу маселеси. Сиз бул базарга келсеңиз, андай кыйынчылыктарга кабылбайсыз, себеби базарда орундар кенен. Анан дагы бекер.
1-өзгөчөлүк. Базарда чекене соода тармагы.
Базарга киргенде эле сиздин көзүңүзгө эки кабаттуу жаңы контейнерлер урунат. Анын биринчи кабатына товарыңызды коюп сатсаңыз, экинчи кабаты склад болмокчу. Бул соодагерлерге ижарага гана берилмекчи.
Сиз товарыңызды көрктүү кылып жайгаштыргыңыз келсе, анда биз бутиктерди сунуштайбыз. Ичи кенен, чоң терезе, кышы жылуу, жайы салкын.
Базарда болгону 20 ангар бар. Айрымдары учурда курулуп жатат. Анын узуну 13 метр, туурасы 7, бийиктиги 5 метр. Ангарга чоң салмактагы курулуш товарлары коюлмакчы.
2-өзгөчөлүк. Дүң баа.
Базардын жанында темир жол бар болгондугуна байланыштуу эч бир базарда жок өзгөчөлүк сунушталат. Тактап айтканда, чет жерден дүң баада курулуш материалдарын алып келсеңиз, бир жерден экинчи жерге ташып чыгым болбойсуз.
3-өзгөчөлүк. Үйгө керектүү бардык буюмдар.
Базардын ичине 4 кабаттуу соода борбору курулууда. Анын ичинде үйгө керектүү идиш-аяктан баштап техникага чейин сатылмакчы.
Базарда эң башкысы дааратканалар заманбап салынып, тазалык катуу көзөмөлгө алынмакчы. Ошондой эле коопсуздук чаралары өтө сактык менен корголгон. Мисалы, базардын ичиндеги камералар 200 метр алыстан тартып, өрткө каршы атайын иштөөчү өлкөдө жок жабдыктар менен камсыздалган.
Ошондой эле банктардын филиалдарына орун бермекчи.
Базар толук ишке киришсе, өлкөдөгү миңден ашык жарандарга жумуш орундар менен камсыз болмокчу.
Андыктан Кыргызстандагы эң чоң базардан орундуктарды алып калыңыздар.
Дарегибиз: Ауэзов көчөсү 1/27. Тунгуч кичи району менен Аламүдүн 1 кичи районунун ортосунда жайгашканбыз.
Байланыш телефондору: 0551 96 66 66, 770 96 66 66.