Кечээ, 23-сентябрда ЭлТР телеканалында парламенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин теледебаты болуп өттү. Ага "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Элдар Абакиров, "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Жапыкеев, "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Акбокон Таштанбеков катышты.
"Чоң Казат" партиясынан талапкер Сыймык Жапыкеев "Ата Мекен" партиясынан талапкер Элдар Абакировго: "Силердин лидериңер үч айда үч партия алмаштырды. КСДП, “ЛГБТ” беле, эмне эле (ред. КЛДП), андан кийин “Ата Мекенге” кирди. Үч айда үч партия алмаштырган эмне деген лидер?", - деген суроо узатты.
Элдар Абакиров: "Эч ким үч партия алмаштырган жок. КСДП чачырап кетип, баарыбыз кеттик. "Кыргыз либерал демократиялык партиясына" баарыбыз мүчөбүз. Ал партиядагылар толугу менен "Ата Мекендин" ичине коалиция болуп кирдик", - деп жооп берди.
Сыймык Жапыкеев: "Партия ачкан оюнчукпу? Партияны эмнеге ачтыңар? Башынан эле "Ата Мекенге кирбейсиңерби? "Ата Мекен" партиясы эмне кылдыңар, эмне деген Конституцияны жаздыңар? Былжыратып Конституция жазыпсыңар", - деди.
Элдар Абакиров: "Ал Конституция жакшы, бирок иштебей турат. Конституцияны иштетүү үчүн парламентке баратабыз", - деп жооп берди.