Кечээ, 23-сентябрда ЭлТР телеканалында парламенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин теледебаты болуп өттү. Ага "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Элдар Абакиров, "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Жапыкеев, "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Акбокон Таштанбеков катышты.
Акбокон Таштанбеков "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Элдар Абакировго "Медицина тармагында көйгөй болуп жатат. Сиздердин партия медицинаны кантип реформалайт?" деген суроо узатты.
Ошол учурда "Чоң Казат" партиясынан талапкер Сыймык Жапыкеев "эч нерсе болбойт, бир да реформа болбойт" деп сүйлөп кирди.
Таштанбеков: "Унчукпай турчу, айланайын, дымыңды чыгарбай турчу. Болду эми жөн тур" деп Жапыкеевге кайрылды.
Жапыкеев: "Кыйкырбаңыз, эмне кыйкырасыз?", - деди.
Таштанбеков: "Кыйкырам, уят эмеспи" дегенде, алып баруучулар талапкерлерди тынчтыкты сактоого чакырды.