«Биримдик» №1. Баштагандарын аягына чыгарууну максат кылган Исхак Пирматов

Исхак Пирматов – Жогорку Кеңештеги натыйжалуу депутаттардын бири. Билимдүү, компетенттүү, активдүү, популизмден алыс. Конкреттүү натыйжасын берген бир катар мыйзам долбоорлорунун демилгечиси жана автору.

2011-жылдан 2020-жылга чейин 45 мыйзам долбоорун иштеп чыккан, анын ичинде жалгыз демилгелегени – 18, кесиптештери менен биргеликте 27 мыйзам долбоорун иштеп чыккан.

Исхак Пирматов демилгелеген «Салыктык эмес тѳлѳмдѳр жѳнүндѳ» мыйзам долбоорунун натыйжасында ѳлкѳдѳгү бир катар кен иштеген аймактардын жергиликтүү бюджеттеринин кирешеси кѳбѳйүп, кѳптѳгѳн социалдык кѳйгѳйлѳрүн чечүүгѳ мүмкүн болду. Алсак, Ала-Бука районунун ѳнүктүрүү фондуна 4 жылда 1 млрд. 56 млн. сом түшкѳн болсо, Чаткал районунун ѳнүктүрүү фондуна 300 млн. сом, жалпы республика боюнча 2 млрд. 692 млн. сом түшүрүлгѳн. Ала-Бука районундагы Кѳк-Таш айылдык аймагы республикалык бюджеттин кѳзүн карап, жылдап социалдык маселелер чечилбей келген болсо, бүгүнкү күндѳ аталган айылдык аймак толугу менен дотациядан чыгып, эң бай айылдык аймактардын сап башына чыкты. Муну баары И. Пирматов демилгелеген мыйзам долбоорунун натыйжасында болууда.

Исхак Пирматов даярдаган дагы бир мыйзам долбоору ѳлкѳнүн бюджетинин кирешесин кѳбѳйтүүгѳ багытталган. Учурда мыйзам долбооруна ѳлкѳ башчысы кол койду. Эми мыйзам долбооруна ылайык, кошуна ѳлкѳлѳрдѳн келген эмгек мигранттары мыйзамдуу түрдѳ патент алып иштеп, алардан түшкѳн каражаттар кѳптѳгѳн райондордун, айылдык аймактардын бюджеттеринин кѳлѳмүн кѳбѳйтѳт. Колу таза эмес милициялардын капчыктарына түшүп келаткан акчалар ѳлкѳ бюджетине түшѳ баштайт.

Учурда «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын катарында ЖК депутаттыгына бараткан Исхак Пирматов: «Мен шайлоого баштаган мыйзамдарды аягына чыгарып, элге кызмат кылуу үчүн баратам», - дейт.

Элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген сапаттуу мыйзамдардын жаралуусун кааласаңыз, «Биримдик» партиясына, Исхак Пирматовго добушуңузду бериңиз, шайлоочу!

"Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 24-сентябрь, 2020-жыл. Разаков 4.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан