Кечээ, 23-сентябрда ЭлТР телеканалында парламенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин теледебаты болуп өттү. Ага "Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Элдар Абакиров, "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Жапыкеев, "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Акбокон Таштанбеков катышты.
"Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Жапыкеев "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Акбокон Таштанбековго "Канча жолу шайлоого аттандыңыз, канча добуш алдыңыз? Ар ким өзүнүн рейтингин билиши керек. Эмне чыгып жатасыздар?" деген суроо берди.
Таштанбеков: "Сизге окшогон оорукчандар барбасын деп жатабыз. Бүгүн бирөөнүн акчасы менен баратасың", - деди.
Жапыкеев "Кайсы акча, бизге эл чогултуп берди" дегенде Таштанбеков "Эй, өпкөңдү үзүп алам, үнүңдү чыгарбай тур, тумшугуңду жарам" деди.