Социалдык тармактарда белгисиз кишинин калем менен баракка жазылган сөздү тамеки күйгүзгүч менен өчүрүп койгон видеосу тарады. Анда ал шайлоо учурунда бюллетендеги белгилерди ушундай жол менен өчүрүүгө мүмкүн болгон калем саптар колдонуларын айткан.
"Сен экөөбүз шайлайбызбы же шайлабайбызбы баары бир өчүрүп коюшат экен", - деген видеодогу жаран.
Ал эми видеону жүктөгөн колдонуучу "шайлоого өз калем сабыңар менен келгиле" деген билдирүү калтырган.
Бул боюнча жооп алуу үчүн БШКга кайрылганыбызда, БШКнын жумушчу тобу жыйында экенин, алар түшүндүрмөнү кечирээк берерин айтышты.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген.