Кечээ, 23-сентябрда ЭлТР телеканалында парламенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин теледебаты болуп өттү. Анда "Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Сыймык Жапыкеев менен "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" депутаттыкка талапкер Акбокон Таштанбеков кайым айтышкан.
Бул кайым айтышуу дебат бүткөндөн кийин дагы эшикте уланып, Жапыкеев оппонентине "любой жерден сүйлөшүп коём" деп айткан видеосу интернетке тарады.