Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова форма 2 маселеси резонанс жаратып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-сентябрда маалымат жыйында билдирди.
"Жарандар шайлоого 15 күн калганда форма 1, форма 2 арыз менен кайрылса болот. Арыздар көп келип түштү. Форма 2 маселеси резонанс болуп жатат.
Бул жылы Конституциялык мыйзамга эреже киргизгенбиз. 2015-жылы форма 2 менен 297 миң 327, 2017-жылы 315 миң 461, быйыл 481 миң 950 жаран катталган", - деди ал.