Социалдык тармактарда белгисиз кишинин калем менен баракка жазылган сөздү тамеки күйгүзгүч менен өчүрүп койгон видеосу тараганы маалымдалган. Видеонун астына "Шайлоо күнү өз калем сабыңар менен келгиле" деген билдирүү жазылган.
Маалыматты тактоо үчүн БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаевага кайрылдык.
"Добуш бюллетендери салынуучу урналар автоматтык болгондуктан андай кылуу такыр мүмкүн эмес. Урнага салынган бюллетендер автоматтык түрдө башкы серверге келип түшөт жана ал жакта сакталат. Ошол шайлоого катышып жаткан бардык байкоочулар өздөрүнүн телефондору аркылуу ал сервердеги маалымат менен тааныша алышат. Кийин добуш берүү соңуна чыкканда урнадагы бюллетендер кол менен саналат. Ошол маалда ар бир партиянын өкүлдөрү, байкоочулар добуштардын санын ага чейин автоматтык түрдө эсептелген сайттагы маалыматтар менен салыштырса болот.
Мындан тышкары баса белгилеп кетүүчү нерсе, шайлоо мыйзамдарында шайлоочунун укугу "добуш берүүнүн сыры" деген берене менен корголгон. Жарандын добуш берген бюллетенин эч ким көрө албайт. Эгер шайлоо күнү бюллетендерди көрсөткөн фактылар же шайлоо участокторунда жарандарга акча таратып жаткандар байкалса, ошол шайлоо участкасынын натыйжасы жараксыз деп таанылып, эсептелбейт. "Добуш берүүнүн сыры" деген берене ар бир жарандын эркин добуш берүүсүнө көмөкчү болот", - дейт Журабаева.