БШКнын төрайымы: "Бүгүн жыйында Аравандагы мушташ боюнча маселе каралат"

Бүгүн, 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Аравандагы мушташ боюнча маселе каралат. Бул тууралуу маалымат жыйында аталган комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, аталган окуя боюнча Ички иштер министрлигинен корутунду келди. Жыйын бүгүн саат 17:00дө өтөт.

Эске салсак, Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкканы маалымдалган. Анда 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Жыйынтыгында аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан