Быйыл чет өлкөдө 32 миң 582 Кыргыз жараны парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөдө шайлоого катышууну каалагандардын саны көп. Чет мамлекеттерде 45 шайлоо участкасы ачылган."Кайрылуулар көп болгонуна байланыштуу Москвага дагы бир кошумча шайлоо участкасы ачылды", - деди ал.
4-октябрда өтө турган шайлоого жалпы 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катышат.