БШКнын өкүлү Аравандагы мушташ боюнча аты аталган эки талапкерди каттоодон алып салууну сунуштады

Бүгүн, 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп жатат.

Анда БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Араван районундагы мушташ боюнча аты аталган эки талапкерди каттоодон чыгарып салууну сунуштады. Алар "Мекеним Кыргызстан" партиясынан Ильхом Маннановду, "Биримдик" партиясынан Шүкүрулло Файзуллаев.

Ош облусунун Араван районунда үгүт иштери жүрүп жаткан убакта чогулган элдин арасында мушташ чыкканы маалымдалган. Анда 20-сентябрь күнү саат 19:15 чамасында белгисиз жаран Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Араван айылында белгисиз адамдар урушуп жаткандыгын кабарлаган. Жыйынтыгында аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан