Башкы прокурордун орун басары: "Добуш сатып алуу фактысы боюнча 40 иш тергелип жатат"

Добуш сатып алуу фактысы боюнча 40 иш тергелип жатат. Бул тууралуу кечээ, 24-сентябрда маалымат жыйында башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди.

Анын айтымында, шайлоонун мыйзамдарын бузуу боюнча 86 кылмыш иши козголду. 46 жоруктарга сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Учурда административдик ресурс колдонуу боюнча 11 факты сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhigitaly
2020-09-26 01:21:14
Бир эле факт менен бүтүндөй партияны четтетүү керек шайлоодон ошондо саал тыйылса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан