Шайлоо-2020: БШК аймактарга шайлоо бюллетендерин жөнөттү

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактарга шайлоо бюллетендерин жөнөттү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облусуна – 643 миң 777 бюллетень;

Ош облусуна – 682 миң 673 даана;

Баткен облусуна – 284 миң 300 даана;

Нарын облусуна – 176 миң 203 даана;

Ысык-Көл облусуна – 290 миң 766 даана;

Талас облусуна – 149 миң 8 даана;

Чүй облусуна – 586 миң 669 бюллетень жөнөтүлдү.

Бардыгы - 3 миллион 523 миң 532 бюллетень даярдалган.

Мындан тышкары 5 миң 928 бюллетень Брайль тамгасы менен даярдалганы маалымдалат.

Шайлоо бюллетени коргоонун жогорку баскычына ээ, автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) ар бир бюллетенди таануусу үчүн ага атайын коргоочу боёк сүйкөлөрү белгиленет.

Маалымат үчүн:

Нормага туура келбей жарабай калгандарын бөлүп салгандан кийин типография шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берип жатканда катыша алышат.

Шайлоо бюллетендерин типографиянын имаратынан, шайлоо комиссияларынын имараттарынан алып чыгууга, ошондой эле шайлоо бюллетендерин конституциялык мыйзамды бузуу менен көчүрмөлөп жана таратууга тыюу салынат. Шайлоо бюллетендери коопсуздукту камсыз кылуу менен атайын байланыш кызматы аркылуу жиберилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rusrus
2020-09-25 11:41:28
(АЭУ) эмес АСУ болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан