"Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Зухра Кемелбекова Бакай-Ата конушунда өткөрүлгөн ишембиликке катышты

Бишкек шаарынын Бакай-Ата конушунун аймагында өткөрүлгөн ишембиликке “Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Зухра Кемелбекова, саясий бирикменин мүчөсү Самарбек Болотбеков, партиянын дагы башка бир топ мүчөлөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ишембиликтин катышуучулары эки саат бою конуштун борбордук көчөсүн таштандылардан арылтып, иретке келтиришти.

Ишембиликтен кийин "Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Зухра Кемелбекова, ошондой эле саясий бирикменин өкүлү Самарбек Болотбеков Бакай-Ата конушунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө талапкер “Кыргызстан” партиясынын тарыхы жөнүндө жана өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясын камсыз кыла ала турган партиянын “Эл үчүн” деген программасы тууралуу кеңири айтып берди. Ошондой эле Кемелбекова партиянын башкы максаты өлкө экономикасын өнүктүрүп, келечек муундардын жашоо деңгээлин жакшыртуу экендигин белгилеп өттү.

Иш-чара учурунда талапкер шайлоочулардын көптөгөн суроолоруна жооп берди. Суроолор көбүнчө партиянын программасы, аны ишке ашыруу жөнүндө болду.

Жолугушуунун соңунда шайлоочулар талапкерге ак жол каалап, ак сакалдар “Кыргызстан” партиясынын жеңип чыгуусуна ак батасын беришти.

“Кыргызстан” партиясы №15: Элдин жыргалчылыгы - жалпы мамлекеттин жыргалчылыгы!

"Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан