"Биримдик" №1. Алгынбай Имаров, талапкер: "Биримдик" - ийгиликтин кепилдиги"

Баткен облусунун Айдаркен районунда “Биримдик" демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынын талапкери Алгынбай Имаровдун шайлоочулары менен жолугушуусу уланууда.

Ал партиянын программасын шайлоочуларга кеңири түшүндүрүп, мындай деди: “Баткен облусу кенге бай. Менделеевдин таблицасынын баары бар бизде. Биздин партия өлкө байлыгы ар бир жаранга пайда алып келиши керек деген ишенимди бекем карманат. Ѳзгѳчѳ Кыргызстандын кен байлыктары адилеттүү мамлекеттин негизги пайдубалы катары элдин жыргалчылыгына, билим берүү жана медицинанын өнүгүүсүнө кызмат кылууга тийиш”.

“Биз социалдык адилеттүүлүктүн принциптерин карманган партиябыз. Биздин максатыбыз, элибизге кызмат кылуу, региондорду өнүктүрүү жумуш орундарын түзүү. Дени сак жана билимдүү коомду калыптандыруу. Элибиздин социалдык экономикалык багытын көтөрүү”, - деди талапкер андан ары. Анын айтымында, экономикалык саясаттын негизги милдеттери экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жана калктын реалдуу кирешесин көбөйтүүгө жетишүү тийиш.

Алгынбай Имаров калктын кичи ишкердик чөйрөдѳ өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылуусуна шарт түзүү, бул “Биримдик” партиясынын негизги принциптеринин бири экенин баса белгиледи.

“Ар бир үй-бүлѳдѳ бакубат жашоосу үчүн кызмат кылууга даярбыз. “Биримдик” партиясы – ынтымактын уюткусу. “Биримдик” - ийгиликтин кепилдиги”, - деди ал.

"Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 25-сентябрь, 2020-жыл. Разаков 4.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан