Ага ылайык, депутаттыкка мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилерден, кызматкерлерден, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн 140 адам талапкерлигин коюп жатат. Алардын бардыгы шайлоо мыйзамдарына ылайык кызматтык милдеттерин аткарууну токтотуп, ээлеген орундарынан бошогон.
"Шайлоого катышып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын алкагында бир катар чектөөлөр каралган. Алсак, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер саясий партиялардын байкоочулары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары катары каттала албайт. Башкы прокуратура тарабынан өлкөнүн шайлоо жөнүндөгү мыйзамынын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштер жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.