“Адырыбызга чыккан жолдо 2 канал бар, уй айдаган убакта суу кечип өтөбүз. Кайра келе жатып дагы суу кечип өтөбүз. Анткени ага көпүрө жок”, - деген көйгөйүн билдирди жолугушууга келген айыл тургундарынын бири. Өз учурунда ал “бизге маселени чечкен эл өкүлдөрү керек” деп белгиледи.
Жолугушууга келгендердин дагы бири: “Сүйлөгөн сөздөрүңдүн баары маанилүү экен. Сага биз ак жол каалайбыз”, - деп батасын берди.
Канатбек Маматов өз кезегинде саясатка биринчи жолу аттанып жатканын, буга чейинки иш тажрыйбасы, жаш курагы, спортто болгон ийгиликтери эл жүгүн көтөрүп кетүүгө жетиштүү экенин билдирди.
Ал эми эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясынын катарында шайлоого аттандың деген суроого:
Саясий бирикменин мүчөсү менен жолугушууга Көлдүк, Какыр, Дөң-Булак, Кызыл-Чарба, Ак-Жар айылдарынан тургундар келип, “Мекеним Кыргызстан” партиясын, анын ичинде Канатбек Маматовду колдошоорун айтышты.
Маматов жалпысынан Өзгөн районунун 30дан ашык айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бардык айылдарда аны жылуу кабыл алышып, барган жеринде ийгилик каалашып, баталарын берип жатышты.
Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!
Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.