Дебаттын жүрүшүндө "Ыйман Нуру" партиясынан депутаттыкка талапкер Динара Ашимова оппоненттерине жалпы суроо берип, баарынын жообуна канааттанбаганын билдирди.
Партия өкүлүнүн суроосу: "Программаңарда чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча кандай сунуштар бар?"
"Чоң Казат" партиясынан депутаттыкка талапкер Таалайкүл Айдаралиева: "Чек ара маселеси акчага такалат. Аткезчилик чечилбесе бул маселе чечилбейт. Биз билген чоңдор аткезчиликке өздөрү кызыкдар. Эгерде мамлекет кызыкдар болгондо маселени бул биздин аймак, бул силердин аймак деп 3-4 күндө эле чечип, зым менен болсо деле тосуп коймок".
"Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Нургүл Аднаеванын жообу. "Азыркы учурда Өзбекстан, Тажикстан менен делимитация жана деморкация маселелери чечиле элек. Бүгүнкү күндө атайын комиссиянын чечимин көрүшүбүз керек. Эл аралык документтердин нормаларын сактап, элибиздин кызыкчылыгын коргоп, маселени чечишибиз керек. Бул бүгүн же эртең эле чечиле турган иш эмес".
"Реформа" партиясынан депутаттыкка талапкер Рита Карасартова: "Кошунаны тандабайт деп коёт. Биз бул маселени дипломатиялык жол менен чечишибиз керек. Дубал коюп, анын үстүнөн ашып түшө албай калып деген маселенин бизге кереги жок. Европадагыдай эле сызык болсо. Маселени комплекстүү чечүү мүмкүн болсо, анда биз ал ишти аткара алабыз".
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Венера Акматованын жообу: "Чек аранын аймагында жашаган тургундардын социалдык абалын жакшыртышыбыз керек. Мамлекеттик компенсацияларды төлөө, айлык акысына кошумча төлөмдөрдү берүү. Ошондой эле аткезчиликти токтотуу".
Жооп: "Муну кылдаттык менен карайбыз. Дароо эле 50 пайыз кыскартып салуу терс көрүнүштөрдү жаратат. Бир эле жумушту бир канча адам кайталап аткарган министрликтерде, комитеттерде кыскартуу болот. Анда кызматкердин социалдык абалы эске алынып, бардык жагдайлар каралат".
Жооп: "Прокуратура мыйзамдуулукка жалпы көзөмөл жүргүзүп келет. Бирок кызматтык милдеттеринин чегинен чыгып кетти. Алар мамлекеттик орган болуп эсептелинбеген мекемелерди дагы текшерүүгө алышат. Прокуратурага жалпы көзөмөлдү жүргүзүүнүн кереги жок. Жарандардын арызын карай турган административдик соттор бар".
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Венера Акматова оппоненттерине бир нече собол салып, бирок жооп алууга үлгүрбөй калды. Буга партия өкүлдөрүнө берилген мүнөттөр аяктаганы себеп болду.