"Койлорумду урган унаа токтобой, качып кетти" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Токтомат Думанаев аттуу окурман кайрылды. Анын айтымында, бүгүн, 27-сентябрда саат 10дор чамасында Өзгөн-Мырза-Аке унаа жолунда белгисиз унаа жайлоодон кайтып келе жаткан койлорун уруп кеткен.

"Койлорумду унаа уруп кетти. Биздин унаа жолду кысып, аны токтотуу аракетине карабай айдоочу Кара-Кулжа району тарапка качып кетти. Биздин айдоочу да "эл жашаган пунктка келип калдык, ал айдоочу соо эмес экен" деп аны кууп жетүүдөн баш тартты. Милицияга кирип болгон окуяны айтсам, унаанын номерин алып, менден арыз кат албай эле кайдыгер мамиле жасап койду", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
maks94.kb
2020-09-27 18:06:21
Азажыр Адам сузгонду карашбайт анан кайдагы койду карашмак беле бизде
0
jindirak
2020-09-27 18:20:36
Машина койду сузсо койдун ээси куноолуу болот.
+2
patiydin
2020-09-27 20:59:10
jindirak,биринчиден койду жолдо айдап журууго уруксат кагазы болушу керек. Экинчи белгиленген саатдан откон кийин койчу жоопко тартылат. Башта саат 22 00 дон кийин эле. Азыр кайсыл убакыт экенин билбейм.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан