“Биримдик” №1. Төрөбай Зулпукаров: "Эгемендүүлүк үчүн өмүрүбүздү бергенге даярбыз, элибиз жалган маалыматтарга ишенбейт"

“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясынын лидери Марат Аманкуловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосуна байланыштуу партиянын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров атайын билдирүү таратты.

“Кээ бир саясий топтор «Биримдик» партиясынын мүчөлөрүн элге жек көрсөтүү максатында бурмаланган маалыматтарды таратып жатышат. Шайлоонун мындан да жаман ыплас технологияларын пайдаланышса, ага таң калбайлы. Анткени айрым атаандаштар саясий күрөштө ушундай жолду тандап алышты. Бирок кара кылды как жарган элибиз буга окшогон азгырыктарга, чакырыктарга жана жалган маалыматтарга алданбайт деп ишенем! Урматтуу мекендештер!

«Биримдик» партиясынын командасы өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн көздүн карегиндей сактоо үчүн бүт күчүбүздү жумшоого, бар өмүрүбүздү бергенге даярбыз! Мекенибиздин бүтүндүгү үчүн күрөшүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз! Элибиздин эң чоң байлыгы – бул Кыргызстандын эркиндиги”, - деп айтылат Т.Зулпукаровдун кайрылуусунда.

"Биримдик" (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 27-сентябрь, 2020-жыл. Разаков 4.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан