Талант Мамытов: “Биз чек ара маселесин чечүү боюнча конкреттүү жолду сунуштап жатабыз”

“Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Талант Мамытов өзүнүн маегинде шайлоонун жүрүшү жана партиянын программасында камтылган чек ара маселесин чечүүнүн жолдору тууралуу айтып берди.

- Саламатсызбы Талант мырза? Сиз учурда “Кыргызстан” саясий партиясы менен парламенттик шайлоого бара жатасыз. Бул партияны тандап алууңузга эмне түрткү болду?

- Менин саясатка келгениме 10 жылдан ашык убакыт болду. Бул жылдар аралыгында мен чындыкты колдоп, элдин кызыкчылыгын колумдан келишинче коргодум. Саясаттын ысык-суугун көрүп, тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өттүм. Мына азыр да Кыргызстанды алдыга жылдырып, жакшы ийгилик жараталы деген максатта “Кыргызстан” партиясын тандап, бул партия менен шайлоого аттанып жатам. Бул партиянын курамында күчтүү, колунан жаратмандык иш келген инсандар көп. Мен үмүттөнөм, жакшы ойдун тегерегинде бириксек, мамлекет үчүн жакшы ийгиликтерди жарата алабыз.

- Талант мырза, эмнеге саясатчылар шайлоо алдында чек ара, сот тармагы, адам укуктары, балдарга жана аялдарга тиешелүү көйгөйлүү маселелерин көтөрүп чыга калышат?

- Туура, мындай аракеттерди тереңинен түшүнүш керек. Азыр эми атаандаштыктын заманы. Бул демократиялык принциптердин бири. Буга таң калбашыбыз керек. Бул маселелерди шайлоо алдында эмес, шайлоого чейин деле көтөрсө болот. Бирок азыр упай топтоо максатында саясатчылар көйгөйлүү маселелерди көтөрүп жатышат. Ал гана эмес, каралоо кампаниясы да жүрүп жатат. Муну туура түшүнүү керек. Шайлоо да өтөт. Бирок биз адилеттүүлүккө таянып, акты ак, караны кара деп айтканга дараметибиз жетиши керек. Бүгүнкү күнү кээ бир партиялар тарабынан тоскоолдуктар болуп, ыплас иштер да жасалып жатат. Бул аларга аброй алып келбейт. Тандоону эл жасайт. Укук элибизге берилген. Элибиз 4-октябрда калыс тандоосун жасап, өз бааларын берет деген ойдомун.

- “Кыргызстан” партиясы чек ара маселелерин чечүү боюнча өз сунушуңуздарды программага киргизипсиздер. Анда эмнелер камтылган айта кетесизби?

- Туура, “Кыргызстан” партиясы бул маселени чечүүнүн туура жолун сунуштап жатабыз. Тактап айтканда, күч структурасын көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр чек ара маселеси боюнча Баткен облусунда отурушу керек. Анткени жаңжал болуп кетсе, алар ыкчам аракеттерди жүргүзүшү зарыл. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдү достук нугунда тиешелүү деңгээлде жүргүзүшүбүз керек. Вице-премьер-министр расмий жогорку кызмат. Ошондуктан ушундай кадамдар аркылуу биз маселени мыйзам чегинде чече алабыз деп ойлойм. Чынында чек ара маселеси эки мамлекет орток пикирге келгенде гана чечилет. Бир пикирге келе албагандыктан, бүгүнкү күнгө чейин чек арада жаңжал чыгып, элибизге кедергиси тийип жатат. Бул маселени чечиш үчүн албетте, дипломатиялык чеберчилик керек. Мындайча айтканда, тарыхты, картографияны жакшы билген жана туура сүйлөп, дипломатиялык иш-аракеттерди жүргүзө ала турган адамдар бул маселени чече алат.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 26.09.2020)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан