“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депуттаттыкка талапкер Канатбек Маматов алгач эле ичине толуп турган ойлорун эл менен бөлүшүп, көп көйгөйлөрдү көргөнүн айтты. Айтымында, өлкөнү өнүктүрүүгө мезгил келди.
“Биздин партия менен жаңы жүздөр, таза инсандар шайлоого бара жатышат. Сиздердин алдыңыздарга Өзгөн боюнча “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка аттанып жаткан жаш жигиттерди алып келдим. Алдыңыздарда турган балдардын, партиянын жана менин да жеке максатым - элдин жашоосун өзгөртүү, жакшыртуу. Сиздер жакшы жашоо-турмушка татыктуусуздар. Кудай буюрса, сиздер менен бирге саны көп, сапаты жок аткаминерлерден арылабыз”, - деди Маматов.
Жыйын учурунда “Мекеним Кыргызстан” партиясына ийгилик каалап, ак батасын берген апалар да болду.
"Калк айтса, калп айтпайт" демекчи жыйынга келген эл партиядан, анын ичинен Канатбек Маматовдон үмүтү чоң экенин белгилешти. Айтымдарында, бул партия алар ишенген келечекти кура алат.
“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Канатбек Маматовдун партия платформасынан тышкары даректүү пландары:
“Ардактуу мекендеш, өлкөбүздүн келечеги, сиздин тандоодон көз каранды. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы. 4-октябрда 4-номерди тандаңыз", - дешет талапкерлер.
Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.