"Биримдик" №1. Замирбек Осмонов: "Биз Евразия мейкиндигиндеги мамлекеттер менен тең укукта иш алып барабыз"

“Биримдик” саясий партиясынын талапкери Замирбек Осмоновдун үгүт иштери Баткен облусунун Лейлек районунда уланууда.

“Ааламдагы улуу дарыялар кичинекей булактан башталгандай, абасын кере жутуп, эне сүтүн оозанган, киндик каның тамып – ата-бабалардын мураска калган Ата-Журтубуз ар дайым жүрөбүздө жашайт. Катардагы жарандарыбыздай мен да Ата-Журтума карыздармын. Аталардан таберик мекенибизди көздүн карегиндей асырап, келечек муундарга аздектеп өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз”, - деди ал шайлоочулары менен жолугушуу учурунда.

Партиянын программасынан: «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо саясий партиясынын максаты – Кыргыз Республикасынын жарандарынын учурдагы укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана коргоо.

Замирбек Осмоновдун айтымында, анын талапкер катары элинин, шайлоочуларынын алдында берген убадалары жана элинин ыраазычылыгы, ак батасы – байлык менен бийликтен бийик. “Элдин адамы болуп, калкымдын жүгүн көтөрүү мен үчүн чоң жоопкерчилик”, - дейт ал.

Ошондой эле талапкер Кыргызстандын эгемендүүлүгү тууралуу буларга токтолду: “Кыргызстан эгемендүүлүгүн алган кезде төрөлгөн уул-кыздарыбыз 30 жашта. Биз менен бир эле мезгилде эркиндикке чыккан канчалаган мамлекеттер алдыга чыгып, ат чабым озуп кетишти. Мындан ары мүдүрүлбөйлү, бир жерди таптап тура бербейли, элибиздин эртеңки күнү үчүн иштейли, анын акыбети келечек муундарга кайтсын, элибиз башкалардай татыктуу жашасын деген максатты көздөп, ушул улуу сапарга аттандык. Кыргызстандын баш коштуруп келген улуу дөөлөтү, зор байлыгы – бул ЫНТЫМАГЫ. Ынтымагы бар элдин – ырыскысы түгөнбөйт!”

Замирбек Осмонов Кыргызстандыктарды шайлоодо туура тандоо жасап, калыстыктан тайбай, жүрөктөн тандоо менен акыйкат менен адилеттиктин жарчысы болууга үндөдү.

Мындан тышкары “Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкуловдун мурда айтылган сѳздѳрүн атайы бурмалап жатышкан чагымчыларга карата мындайча ѳз пикирин билдирди: “Кыргызстандын эгемендиги кол тийгис. Бул Баш мыйзамыбызда жазылган. “Биримдик” партиясы ѳзүнүн демократиялык социализм идеясында мамлекетибизде социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууну кѳздѳсѳ, евразиялык тандоо саясатында Евразия мейкиндигиндеги мамлекеттер менен интеграциялашуу идеясын сунуштап жатат. Бул мыйзам ченемдүү кѳрүнүш жана тарыхый зарылдык. Биз бул мамлекеттер менен кѳз карандысыз мамлекет катары тең укукта, ошол эле учурда саясий-экономикалык шериктештикте алдыга умтулушубуз керек. Биз ушуну айтып жатабыз”, - деп билдирди Осмонов.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 28-сентябрь, 2020-жыл. Разаков 4.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан