"Кыргызстан" партиясы №15: "Биз бардык тармакта лидер боло алабыз!"

“Кыргызстан” партиясындай бир да партия өндүрүш менен өнөр жай тармагына салым кошкон жок”. Бул тууралуу "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылынын тургундары менен болгон жолугушууда айтты.
“Азыр көп партиялар айлыкты, пенсияны, жөлөк пулду көбөйтөбүз деп айтып жатышат. Бирок мен айтып коёюн, экономикабыз өспөсө, мунун баары куру убада болуп калат. Ооба, баарыбыз эле социалдык көлөмдөрдү көбөйтүү керек деп жакшы эле ниеттенип жатабыз, бирок өлкөнүн бюджетинде акча жок болсо анча акчаны кантип төлөп беребиз? Демек, экономиканы көтөрүшүбүз керек. Экономиканын эң эле өзөгү – бул өндүрүш менен өнөр жай. Мына азыр шайлоого катышып жаткан партиялардын ичинен “Кыргызстан” партиясындай бир да партия өндүрүш жана өнөр жай тармагына салым кошкон жок. Биздин партиялаштар өлкө боюнча жалпы 100 ишкана куруп, 5 миң жумуш ордун түзүштү. 5 миң адам Россияга же Казакстанга кетпей, өзүнүн мекенинде үй-бүлөсүн багып жатат”, – деди партия лидери.
Жолугушуу учурунда шайлоочулар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү жана элдин жашоо-турмушун жакшыртуу маселелерине байланыштуу бир катар суроолорду узатышты. Андан соң тургундар “Кыргызстан” партиясын колдой тургандыгын айтышып, ак батасын беришти.
Буюрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 26.09.2020)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан