“Биримдик” №1. Аида Касымалиева, талапкер: “Тандоо укугу өз колуңуздарда, көз менен эмес, көкүрөк менен көрүп каалаган партияга добуш бериңиз”

"Биримдик" партиясынан талапкер Аида Касымалиева: "Биринчиден эне, аялзаты катары ар дайым эне менен балага кам көрүү маселесин VI чакырылышта көп көтөрдүм. Ага байланыштуу мыйзамдарды киргизе алдым. Атап айтсам, жөлөк пул, бала төрөлгөндө 4000 сомдон сүйүнчү пул, шайлоо мыйзамдарынын пакеттик топтомдору, анын ичинде аялдардын 30 пайыз квотасы ж.б аялдарга байланыштуу орчунду мыйзамдар кирди. Бирок мындай маселелерди жалгыз мен эмес, бардык эл өкүлдѳрү, мамлекет ойлонушу керек. Анткени балдар биздин жалгыз байлыгыбыз. Мамлекет тарабынан балдарга көңүл бөлүнбөсө, ден соолугу чың, билимдүү жаштарды тарбиялай албайбыз. Балага кам көрүү энеге кам көрүүдөн башталат. Эгер эненин ден соолугу жакшы, ѳзү билимдүү болсо, анда биздин келечек муун да билимдүү, күчтүү болот. Анткени улутту тарбиялоочу эне. Ошол үчүн энелерге өзгөчө кам көрүүнү мындан ары да күчөтүү керек. Бул маселе "Биримдик" партиясынын программасында кеңири каралган.

Мындан тышкары, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагына абдан маани беребиз. Ошондой эле спорт жана маданият, улуттук идеологияга өзгөчө көңүл бөлүү зарыл. Айрыкча, тил, маданият, спортко көңүл бөлбөй туруп мамлекет, улут катары таанылууга болбойт. Моюнга алуу керек, кийинки учурда өзгөчө маданият жаатына жакшы көңүл бөлүнбөй келет.

Маданият жок болсо, мамлекет жок. Биз качан гана маданий, руханий иммунитетибизди чыңдаганда, элдин руханий интеллектуалдык деңгээлин көтөргөндө гана мамлекет катары, улут катары бекемделип, чыңалабыз. Өзүм журналист болгондуктан маданият, адабият тармагындагы маселелерди сезип эле турам. Кайталангыс манасчылык, төкмөлүк өнөрдү аркалаган таланттарыбыздын бири да мамлекет тарабынан камкордукка алынган эмес. Аларды мамлекет асырап, турак-жай менен камсыз кылып, салттык өнөрдү алып жүрүүчү катары ай сайын айлык төлөп берсе жарашмак.

Каалоо болсо, чечилбей турган маселе жок. Ушул жаатта атайын мыйзамдарды иштеп жатам. Буюрса, учуру келгенде жыйынтыгын көрөбүз. Өз киндигин өзү кесип, эптеп күн көрүп жаткан Улуттук жазуучулар союзун кайрадан мамлекеттин бюджетине киргизүү жолдорун кароо керек.

Улуттун эн тамгасы болгон тилибизди, адабиятыбызды, комузубузду, театр, кино, опера, сүрөт искусствосун, төкмөлүк өнөрдү, акын-жазуучуларыбызды, баарынан мурда “Манас” эпосубузду колдоо, мамлекеттин башкы милдетине айланса дейм.

Бүгүнкү күндө биз экономикабыз менен мактана албайбыз. Бирок өнөрүбүз, таланттарыбыз менен, башка эч бир улутта жок "Манас эпосубуз" менен ооз толтуруп, баш көтөрүп мактансак болот.

Бүгүн Ала-Тообуз азаматтарга муктаж. Муктаждык күчөп турганда жаздыкка баш катып эмне болсоң ошол бол дей албайт экенмин. Кээде чын эле саясий интригадан чарчаганда тизгин тартып, артка чегингим келген учурлар болот. Бирок мамлекетибиздин бүгүнкү абалын көрүп туруп түтпөй кетесиң. Ошондуктан бир күндүк өмүр болсо да ошону элге арноо керек деген чечимге келип, эл кызматына биротоло башымды байлап аттанып чыктым. Эми бул жолдон кайра тартпай, жаркын келечек үчүн бар күчүмдү аябай күрөшүүгө даярмын.

Учурда депутаттардын деңгээли катуу талкууга алынып, оозго алынгыс сөздөр менен мазактоо болуп жатат. Баарынан жаманы ошол жаман сөздү айрым кесиптештерибиз өздөрү айтып, элдин эсине салып, өзүбүздү өзүбүз тебелеп жатабыз. Кыргызда бир жакшы кеп айтылган "Өсөр элдин балдары бири-бирин баатыр дейт, өчөр элдин балдары бири-бирин катын дейт" деп. Эгер өзүбүздү өзүбүз баалабай, бири-бирибизди жаман сөздөр менен атап турсак, башкалардан сый күтпөй эле койгонубуз туура. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" экен, бирок ошол эле учурда беш кол тең эмес экенин да эстен чыгарбаш керек. Бүгүнкү Кыргыз парламентинде саясий интеллекти жогору, билимдүү, эл үчүн өмүрүн садага чаап коюуга даяр инсандар жок эмес жана ошондой болушун каалайм.

Бул шайлоодо чын дилден мекенге, элге кызмат кылам деген таза жүрөк, абийир, намысы бек атуулдардын эл өкүлү болуп Жогорку Кеңешке келүүсүн каалайм. Ошол эле жалпы 16 партиянын талапкерлерин бийлик үчүн, мандат үчүн атаандаштарыңыздарды каралап, бут тосуп, ар кандай чагымчылдык иштерди уюштурбай, ошондой эле жарандардын укугун тебелеп, элдин эркиндигин экчебей, өз жайына коюп, таза жана татыктуу күрөшүүгө чакырат элем. Ал эми элге айтарым: тандоо укугу өз колуңузда, көз менен эмес, көкүрөк менен көрүп каалаган партияга добуш бериңиз. Эгер сиз каалаган партия "Биримдик" болсо, анда №1ди белгилеңиз".

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 28-сентябрь, 2020-жыл. Разаков 4.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан